// //

Жигитиме "ысытма" окутуп алсамбы?

2018.10.12, 11:12
4817

 

Бир адамды чын дилимден сүйүп калдым.

Башында экөөбүз жакшы сүйлөшүп жүрдүк. Кийинчирээк ал мага такыр жазбай, чалбай жоголуп кетти. Эмне үчүн экенин билбейм. Аны аябай жакшы көрөм. Канча аракет кылсам дагы жыйынтык жок.

Өзүм аябай сулуу же арык болбосом дагы, таза, тыкан жүрөм. Окуу жайда жакшы окуп, өз алдынча кайрымдуулук иш-чара өткөрөм. Бир дагы жаман сөз айткан эмесмин. Чегип, ичип же көчөдө көп баскан кыз эмесмин.

Эмне үчүн мени таштап кетти? Бир эже “ысытма окутуп” ал деди, бирок аябай кудайдан корком. Кандай кеңешиңиздер бар?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
12.10.2018, 11:48

Бермет Уланова

Гештальт-консультант

Окурман, эмне себептен мамиледен алыстаганы белгисиз бойдон экен. Ортодогу көйгөйлөрдү талкуулап, мамилени аягына чыгарып, чекит койбоптурсуздар. Оюңузду, көз карашыңызды, сезимиңизди айтууга мүмкүнчүлүктүн болбогону өкүндүрөт. 

Кеңешим, айта албаган сөздөрүңүздү кагаз бетине түшүрүп, учурдагы эмоцияңыз менен жашап, өткөндү унутуңуз. Болбосо, психологдун жардамын сунуштайм. 

Сизди курчап турган кимдир бирөөлөр үчүн өзүңүздү “жакшы” кыз көрсөтүү аракетин көрүп, актанып жаткандай таасир калтырып жатасыз. Жасалма болбоңуз, жагууга араткет жумшабаңыз жана ага жолугуунун дагы кереги жок.

Балага канчалык көп мүмкүнчүлүк берсеңиз, анын сизге болгон кызыгуусу кетет. Ал сизге жетүүнү оңой ойлоп, барктабайт.

Жигиттин сизге кымбат болуп жатканынын бирден бир себеби сиз андан эмес, ал сизден баш тартып кенкендигинде болушу ыктымал.

Сизге суроо: Алыстоого чейин, ага болгон сезимдериңиз кандай эле? Сиз үчүн кымбат адам беле?

Эсиңизде болсун, кол жеткис, баалуу болсоңуз, адам сизге тартылат. Өзүңүздүн өркөндөтүүнүн үстүндө иштөөнү сунуштайм. Ийгилик!

0
Пайдалуу жооп
Эксперттин жообу
12.10.2018, 11:50

Рафаил Татиков

"Фатва" бөлүм адиси

Окурман, мен сизди бул оюңуздан кайтууга чакырам. Ысытманы колдонууга динибиз тыюу салган. Бактылуу болуңуз! 

 

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт