Канткенде какачтан арылам?
Какачты кантип кетирсе болот? Кеңеш бериңиздерчи. Шампунь, самын менен жууп көрдүм, кетпей койду.
Надира Бейшеева
Трихолог
Урматтуу айым, какач - витамин жетпегенден, ичеги-карын, нерв системасынын иши начарлоодон, чачты жакшы күтпөгөндөн улам келип чыгат. Май аз бөлүнүп чыгып, башты кычыштырат жана чач кургап, кырчылып түшө баштайт. Баштагы майдын көп бөлүнүүсүнөн пайда болгон какач майланышып, саргыч тартып, чач тез кирдейт. Какачы бар адамдарга дарыгердин көрсөтмөсү менен витаминге бай тамак-аш ичип, жакшы уктап, маал-маалы менен эс алуу сунушталат. Какачтын өтө көбөйүшү, баштын терисинин сезгениши, чачтын кырчылып түшүшү айрым оорулардын (микроспория, псориаз, экзема) белгиси болушу мүмкүн. "Низорал" шампунун колдонуп көрүшүңүздү сунуштайм. Болбосо, дарыгерге кайрылыңыз.