// //

Сүйлөшкөн кызымды да, классташ баламды да жакшы көрөм

2018.09.25, 10:40
1956

10-классмын. Сүйлөшкөн кызым бар. Кечээ коңшу класстагы бала мени жакшы көрөөрүн айтты. Мен каршы болгон жокмун. Жаман бала эмес. Эмнегедир сүйлөшкөн кызымды да, тиги баланы да жакшы көрөм. Ушундай да болобу? Баланы өзүмдөн кантип алыстатам?  

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
25.09.2018, 11:05

Ширин Амантурова

Психолог

Урматтуу окурман, өспүрүм куракта болгондуктан өз каалооңузду билбей турган учуруңуз. Жактырган кызыңыз болуп туруп, классташыңыздын сунушуна каршы болбогонуңуздун себебин бир гана өзүңүз билесиз.    

"Мен каршы болгон жокмун" дегениңизди кандай түшүнсө болот? Мындан кийин жолугушуп турганга макул болдуңузбу же мамиле кургангабы? Мүмкүн ал балада өзүңүздөн көргүңүз келген сапаттар бардыр. 

Сизге айтаар кеңешим: Сезим менен жактырып калууну алмаштырбаңыз. Андан көрө мамиле курууну убактылуу токтотуп туруңуз. Эгер жактырган кызыңыз бул тууралуу билип калса жыйынтыгы жакшы болбойт. 

Тамара Воронцова

Психолог

Урматтуу окурман,  сизди тынчтандырып кетейин, кабатыр болбоңуз сезимдериңизде табигый эмес нерселер жок.

Адамдар дос болуп, баарлашуусу үчүн албетте бирин-бири жактырышы керек. Бул нерсе жыныска же жаш куракка карабайт. Эгерде адам сизге жакпаса, аны менен муктаждыктан (окуу, жумуш, кошуна) улам гана сүйлөшөсүз, эч качан дос болбойсуздар.

Жигитке досу, атасы, машыктыруучусу, эркек актер жакса - анда ал аларга мүнөзү, жүрүм-туруму жагынан окшош болгусу келет. Бул боюнча тарыхта дагы көп окуялар бар, балдар жана эркектер А. Македонский, Наполеон, Суворов, Жуков, Гагарин сыяктуу улуу инсандарга окшош болгусу келип, аларды жактырып, үлгү алышкан. Адам өзүн кантип алып жүрүүнү өз алдынча ойлой албагандыктан, башка бирөөнү туурайт. Бул болуп келген нерсе.

Сизде дагы бул процесс жүрүп жатат-досторуңуздун сизге жаккан жакшы тараптарын ала бериңиз. Сиздин багытым башка болушу мүмкүн деп коркуп жаткан күмөндөрүңүз далилсиз. Бул биздин маданиятка, динге туура келбеген мода, пропаганданын аракети. Кабатыр болбой, бул ойлордон алыс болуңуз. Акылдуу, ийгиликке жеткен, өз алдынча болгон жигиттер менен достошуңуз, спорт менен машыгыңыз, кыйын күндөрдө бири-бириңиздерге жардам берип, чыныгы эркектик, бекем достордон болуңуздар.

Дос күтүүдө дагы максаты бар, ага жете алган, спорт менен машыккан адамдардан тандаңыз. Убактысын бекер короткон, жалкоо, коркок, сараң жана максаты жоктордон качыңыз. Дагы бир нерсени айта кетейин, кызыңыз менен сүйлөшө бериңиз.  Эч нерседен коркпоңуз. Чыныгы эркектик жашоо менен жашаңыз, келечекте камкор жана мээримдүү күйөө болуңуз. Сизге ийгилик каалайм!

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт