Турмушка чыкпай каламбы?
2018.08.29, 13:59
1093
Саламатсызбы! 21 жаштамын. Бетиме үч жыл мурун так түшкөн. Быйыл абдан көбөйүп кетти. Эмне кылсам болот? Аябай тартынам.
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
29.08.2018, 14:04
Надира Бейшеева
Косметолог
Саламатсызбы окурман! Алгач бетиңизге эмне себептен так түшкөнүн билүү керек. Ички органдар (боор, бөйрөк) ооруса дагы тактар түшөт. Такты мезотерапия, пилинг менен кетирүүгө болот. Косметологияда пилинг - теринин үстүнкү катмарындагы жабыркаган терини атайын каражаттардын жардамы менен тазалоо болуп саналат. Андыктан бет териңиздин тибине жараша бул ыкманы колдонсо болот. Редакцияга кайрылып мени менен байланышсаңыз, жардам берүүгө даярмын. Ийгилик сизге!
0
Пайдалуу жооп