// //

Журналист кандай укукка жана милдетке ээ?

2018.08.22, 11:58
1985

Келечекте мыкты журналист болгум келет. Журналисттин укуктары жана милдеттери кандай? Чоң рахмат!

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
22.08.2018, 11:59

Кыргыз Республикасынын Юстиция министирлиги

Урматтуу окурман, журналист коомдун турмушунда болуп жаткан окуялар жөнүндө кабарларды чогултуп, массалык маалымат каражаттары үчүн материалдарды түзүп, редакциялап жана даярдоочу адам. Журналист жогоруда аталган жумуштарды өз алдынча же редакциянын штаттык кызматкери болуу менен иштөөгө укуктуу.

Журналисттин укуктары жана милдеттери Кыргыз Республикасынын мыйзамы боюнча төмөнкүдөй.

Журналист:

- кабарларды чогултууга жана таркатууга;

- кесипчил журналисттик милдеттерин аткарууга байланыштуу кызмат адамы тарабынан кабыл алынууга;

- кабарлоочунун макулдугу менен маалыматтарды жазууга, анын ичинде зарыл техникалык каражаттар менен жазып алууга;

- журналисттик күбөлүгүн көрсөтүү менен табигый кырсыктар болуп өткөн жерлерде болууга, митингдерге, демонстрацияларга катышууга;

- келип түшкөн материалдарга байланыштуу фактыларды жана жагдайларды текшерүүдө адистерге кайрылууга;

- өзүнүн ынанымына карама-каршы келген материалды түзүүдөн жана кол коюудан баш тартууга;

- редакциялык даярдоонун жүрүшүндө өз пикири боюнча мааниси бурмаланды деп эсептеген материалга кол койбоого;

- эгерде ал мыйзамды бузуу менен байланыштуу болсо, редактор тарабынан берилген тапшырмадан баш тартууга;

- автордук сырды сактоого;

- журналист берген автордук материалды өз эркинче бурмалоо менен редактор тарабынан келтирилген моралдык жана материалдык зыяндардын ордун сот тартибинде толтуруп алууга укуктуу.

- маалымат берген адамдардын авторду көрсөтүү жөнүндө өтүнүчтөрүнө канааттандырууга милдеттүү.

Биз сизге ийгилик каалайбыз!

 

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт