Ата-энем күнөөкөрлөр
19 жаштамын. Менин намаз окуп баштаганыма аз гана убакыт болду. Бирок, үйдөгүлөр мечитке барып намаз окушума каршы. Алардын айтымында мен кайдагы бир радикалдык уюмдарга кирип кетет экенмин. Мектепти жакшы окуп бүтүргөм. Өзүмдүн таанып билүүм, түшүнүгүм жетет. Ата-энем “Ислам дини арабдардын түшүнүгү, алар өзүнүн дүйнө таанымын дин менен башкаларга таңуулап жатат. Каяктагы түшүнүксүз сөздөр менен кудайга сыйынышыбыз керекпи? Эмнеге биз арабдарды ээрчишибиз керек?” -дейт. Аябай кыйналып кеттим. Эмне кылсам болот? Негизи ата-энеме даават айтайын деген деле оюм жок болчу, мечитке барба дегенинен айтып салдым.
Улан Усупов
Теолог
Суроо берүүчү, сизди намаз окуп башташыңыз менен куттуктайм! Куранда: "Жараткан Эгеңер силерге бир гана Өзүнө сыйынууну жана ата-энени сыйлоону буюрат...", - деген буйругу бар. Бул айтылган буйрукту кулагыбызга алтын сырга кылып илели жана жашообузда ар дайым аларга урмат-сый гана көрсөтөлү. Ата-энебизге жасаган жакшы мамилебиз, кечиримдүүлүгүбүз, сабырдуулугубуздун өзү чоң даават. Ата-энеге даават кылуу аларга татыктуу кызмат кылуу менен гана болорун билиңиз. Биз аларга айтып жеткире албаган нерселерибизди жашап жеткире алабыз. Акыйкатты абройлуу аалым, молдо, аксакал аркылуу жеткиргениңиз туура болот. Анткени, баласы аалым болсо да, ата-эненин назарында ал бала бойдон кала берет эмеспи. Ата-энеңиз сизди түшүнбөсө, сиз аларды түшүнүүгө аракет кылыңыз. Жараткандын сыноосу ар кандай болот. Сиз болсо ата-энеңиз менен сыналып жатыпсыз. Маанилүү болгон нерсе - сыноодон сынып калбоо! Алар менен айтышпастан, суроолоруна жумшак, далилдүү, ынанымдуу жооп берүүгө аракет жасаңыз. Болбосо ошондой жооп бере турган билимдүү инсан, аалым же молдо менен жолуктурсаңыз дагы болот. Жараткан ата-энеңизге туура жолду көрсөтүп, хидаят берсин! Сизге ийгилик каалайм! Намаздарыңыз жана дубаларыңыз кабыл болсун!