Сүннөткө отургузуу: Молдо же хирург?
Сүннөткө канча жаштан баштап отургузуу керек? Сүннөткө отургузбай койсо болобу? Үй шартында сүннөткө отургузуу канчалык кооптуу жана башка суроолорго жооп тапканга аракет кылдык.
“Жаңы төрөлгөн балдарды сүннөткө отургузуу туура эмес”
Алгач дарыгер-уролог Нурлан Эгетаев менен байланыштык. Ал баланы канча жашында жана кандай шартта отургузуу керек экендигин айтып берди:
“Сүннөт-бул жыныстык мүчөнүн башын жаап турган терини кесип коюу. Негизги максаты гигиена жактан таза болуп, сезгенүү процесстерин алдын алат. Сүннөткө отургузбай койсо деле болот. Бирок, ар түрдүү инфекция жана микробдордун кесепетинен, бала фимоз жана парафимоз ооруларына чалдыгат.”
Дарыгер-урологдун айтымында сүннөткө баланы 3-6 жашка чейин отургузса болот:
“Айрым ата-энелер баласын коркпосун, оорутууну сезбесин деп, ымыркай кезинде отургузушат. Бирок жаңы төрөлгөн баланын дене-мүчөсү толук жетиле элек болгондуктан, жыныс мүчөсү туура эмес өрчүп калышы мүмкүн. Чоңойгондо кайрадан отургузуу керектелет.”
Медицинада сүннөткө отургузуу кичинекей операция болуп эсептелинет. Үйдө отургузуудан айырмаланып, стерилдүү шартта жүрөт.
“Сүннөткө отургузууда жөнөкөй скальпель же электр бычагы (электрокоагулятор) колдонулат. Электр бычагын көпчүлүк лазер деп айтып жүрүшөт. Эгерде жөнөкөй скальпель менен кесе турган болсок, канды атайын жиптер менен байлап токтотобуз. Электрокоагуляторду колдонсок, кан агуу болбойт, инфекция кирбейт. Эгерде бала сүннөткө туура отургузулса, бир жумада жакшы болуп кетет. Ал эми өспүрүм, студенттердики 10-15 күндө айыгат”,- деди Нурлан Эгетаев.
Урологдун айтымында айыл жерлеринде медициналык билими жок болсо дагы, бирөөлөрдөн үйрөнүп алып, отургузуп жүргөндөр бар. Арасында жыныс мүчөнүн башын туура эмес кесип алып, балдарды майып кылгандары же инструменттерин стерилдүү кармабагандыктан, түрдүү инфекцияларды жуктуруп койгондору көп. Андыктан аларга эч ким кепилдик бере албайт.
Сүннөткө отургузуу парз эмес
Ислам дининде сүннөткө отургузуу парз катары каралбайт. Бирок, сүннөткө отургузуу Ибрахим пайгамбардын убагынан бери келе жаткан жөрөлгө. Теолог Кадыр Маликов баланы сүннөткө отургузууда дарыгерге кайрылуу керектигин айтты:
“Колдон келишинче баланы сүннөткө хирург же уролог отургузганы туура. Биринчи кезекте инфекциядан, сезгенүүдөн сактайт. Бүт дүйнөнү, ошондой эле мусулман, ислам жана араб мамлекеттерин алып карасак, баланы сүннөткө бейтпаканадан отургузушат. Бүгүнкү күндө эч ким үйүнөн жасабай калган.
Баланы сүннөткө 4 жашка чейин отургузса болот. Канчалык эрте жасалса, ошончолук оорутуу, коркунуч аз болот. Сүннөткө отургузуу мусулмандардын парзы жана милдети эмес, бирок–Аллахка, анын Элчисине баш ийүүнү билдирет”,- деди теолог.