17демин, 30 жаштагы кишиге тийсем болобу?
Мен 17 жаштамын. Жигитим 30 жашта. Бири-бирибизди аябай жакшы көрөбүз. Ал “быйыл күзүндө үйлөнөбүз” деп болбой жатат. Мен "тием" деп жообун так айта элекмин. Экөөбүз көп убакыттан бери жыныстык катнашта болуп жүрөбүз. Эгерде мен ага тийсем, элдер “30 жаштагы кишиге тийип алыптыр” деген сөз кылышпайбы деп ойлоном. Мен аны сүйөм
Гүлбарчын Жумабаева
Никелер жана зордук-зомбулук боюнча эксперт
Саламатсызбы урматтуу окурман! Кыргызстандын Үй-бүлө кодексине ылайык никелешүү жаш курагы 18 жаштан кийин гана башталат. Сиздин жашыңыз болгону 17де экен. Организмиңиз азыр жыныстык мамилеге даяр эмес. Кыздар өспүрүм курагында турмушка чыкса, дени сак бала төрөй алышпайт. Бул медициналык жактан далилденген. Сиз жогорку билим алып, бир кесиптин ээ болушуңуз керек. Бүгүнкү күндө кыздар эрте турмушка чыккан учурда, ажырашып кетип жатышат. Билимиңиз жок, бир кесиптин ээси болбогондон кийин, балким, колуңуздагы балаңыз менен айлык маянасы аз жумуштарда иштеп, кыйналасыз. Тилекке каршы, бүгүнкү реалдуулук ушундай. Ошон үчүн ашыкпаңыз, терең ойлонуңуз. Никелешүү жаш курагын бузганы үчүн болочок жолдошуңуз, ата-энеңиз жана нике кыйган молдо 3 жылдан 5 жылга чейин эркинен ажыратылат. Чечим өз колуңузда.