Агам бизге кол көтөрөт
14 жаштамын. 2 бир туугандын кичүүсүмүн. Апам менен атам менин 8 айымда ажырашып кетишкен. Таенемдин колундамын. Үйдүн жумуштары эжем экөөбүздүн мойнубузда. Агам 26 жашта. Иштебейт, сыналгы көрүп эле жатат. Дайыма кылган ишибизден кемтик таап, уруша берет. Үйдө эч ким жокто эжем экөөбүзгө кол көтөргөнгө чейин барат. Таенем агама болушуп, кайра бизди тилдейт. Апам Москвада, бул жөнүндө маалыматы жок. Жүрөгү оорубасын деп ага айтпайбыз. Тайжеңем гана бизге болушуп баары менен урушат. Ушундан улам таенем менен агам аны жаман көрүшөт. Кээде уруштан качып, үйгө келгибиз келбейт. Эмне кылсам болот? Жардам бериңиздерчи!
Гүлбарчын Жумабаева
Никелер жана зомбулук боюнча эксперт
Урматтуу кичинекей окурман, бизге ишенип кайрылганыңыз үчүн рахмат! Сиз азыр өспүрүм жаш курагындасыз, коркпоңуз сизди мамлекет бул зомбулуктан коргойт. Ачык айткандан коркуп жатсаңыздар, анонимдүүлүктү сактоосун суранып, окуган мектептеги ИДНге же мектептеги социалдык педагогго айтыңыз. Алар силерге сөзсүз жардам беришет. Агаңыз жана таенеңиз менен сүйлөшүп, түшүндүрүү иштерин жүргүзүшөт. Мындан ары дагы зомбулук жасабасын деп, апаңыз келгенче дайыма үйүңүздөргө барып көзөмөлгө алып, текшерип, коргоп турушат. Болбосо 102ге чалып, абалыңызды айтып, жашаган дарегиңизди берип коюңуз. Коркуп жатсаңыз, дарегиңизди толук түрдө редакцияга калтырыңыз. ИДН кызматкерлери агаңыз менен түшүндүрүү иштерин жүргүзөт. Мындан сырткары 112, 111, 115 номерлерине мобилдик телефонуңуздан чалып, абалыңызды айтып жардам сураңыз. Жашаган дарегиңизди бериңиз. Коркпоңуз, бул балдарды коргоо түйүндөрүнүн номерлери.
Азаматсыз, зомбулукту ачык айтуу керек. Сизге эч кимдин зордук-зомбулук кылганга акысы жок!