// //

Сексуалдык асылууну кантип токтотсо болот?

2018.05.22, 12:19
3131

Өкүнүчтүүсү биздин айымдар жумуш ордундагы сексуалдык асылуудан мыйзам тарабынан корголгон эмес. Андыктан, ар ким өзүн-өзү корууга муктаж.

Кыргыз Республикасынын Эркектер менен аялдар үчүн бирдей укуктар менен бирдей мүмкүнчүлүктөрдүн мамлекеттик кепилдиктери жөнүндөгү мыйзамына ылайык:

Сексуалдык асылуу - кызматтык, материалдык, эмгектик, үй-бүлөлүк жана башка жагдайларга көз-каранды болгон адамды оозеки жана күч колдонуу менен кордоочу жана мазактоочу сексуалдык мүнөздөгү аракеттер болуп саналат. Ишмердиктин кандай гана чөйрөсүндө болбосун ар башка жыныстагы адамдарга тикелей жана кыйыр гендердик басмырлоого тыюу салынат. Психолог Тамара Воронцова жана юрист Назира Абдумуминова жумуш ордундагы жыныстык асылуунун алдын алуу жана мындай учурга кептелгенде эмне кылуу керектигин айтып беришти:

Психологдун айтымында жумуш ордундагы сексуалдык асылууну 2 категорияга бөлүп карасак болот:

  1. Кыз өзү түрткү берет, жетекчисинин көңүлдөшү болууга каршы эмес. Бирок, бул жерде бир канча суроолор бар: жетекчисинин үй-бүлөсү барбы, кыз өзү бошпу жана ал мындай байланыштын кыскалыгын, кесепетин түшүнөбү жана башка.
  2. Кыз жетекчисинин жагынуусуна түрткү бербейт жана буга толугу менен каршы.

Жумуш ордундагы сексуалдык асылууну алдын алуу:

  1. Жумушка дресс-код бекеринен киргизилген эмес. Денеге чапталган, жука, кыска кийимдерди, ачык макияж, романтикалык чач жасалга, өтө бийик така кийүүгө болбойт.
  2. Сөзгө караганда дененин тили көптү билдирет. Отурганда, турганда жана басканда кыймыл-аракеттериңизге көңүл буруңуз.
  3. Жетекчиңизге колуңуздун, ийниңиздин, бутуңуздун жана башка дене бөлүктөрүңүздүн тийип кетишине жол бербеңиз.
  4. Жагалдануу үчүн кошомат кылбаңыз, дарегине комплимент айтпаңыз.
  5. Жетекчиңиз көңүлдөшү болууну кыйытса, сиз үчүн адеп-ахлак жагынан жумуш мамилесин аттап кетүү мүмкүн эместигин, жолдушуңуз же сүйгөнүңүз бар экенин айтып коюңуз.

Көп учурда эркек үчүн айымдын жок дегени кабыл алынбайт. Ал кайра тескерисинче көшөрүп артынан жүгүрүп, эч эле болбой жатса кылдан кыйкым таап сизден кутулуунун жолдорун издейт. Жумуштагы сүйүү мамиленин бир гана жыйынтыгы бар -эгерде сиз макул болсоңуз, мамилеңер бүткөндө жумуштан кетүүгө аргасыз болосуз, ал эми баш тартсаңыз, сизди жумуштан кетирүүгө мажбурлайт.

Тамара Воронцованын айтымында жетекчиңиздин көңүлдөшү болуу үчүн жасаган биринчи аракетинен баштап эле жаңы жумуш караштыруу керек.

“Кандай гана жагдай болбосун кыздар жана аялдар тазалыгын сакташы зарыл. Кадыр-баркты жоготкондон көрө, жумуш ордун алмаштырган оң болот. Жаңы ордуңузда дагы бул нерселер кайталанбашы үчүн мурдагы кыймыл-аракеттериңизди, каталарыңызды анализдеп чыгыңыз.”

Эгерде жабырлануучу болсоңуз эмне кылуу керек?

Сексуалдык асылуу-бул кылмыш экенин билиңиз! Жумуш ордундагы укугуңуз, кадыр-баркыңыз жана кол тийбестигиңиз үчүн күрөшүңүз. Алгач жогорку тараптагы жетекчиңизге же профсоюзга кайрылыңыз. Эгерде жыйынтык чыкпаса укук коргоо органдарына арыз жазыңыз. Ошондой эле төмөнкүлөрдү эске алыңыз:

  • Далилдерди топтоңуз: аудио, видео, күбөлөр.
  • Физиологиялык же психологиялык жактан жабыркасаңыз, дарыгерге кайрылып, маалымкат алыңыз.
  • Адепсиз мүнөздө жазылган каттарды, телефондогу сүйлөшүүлөрдү, смстерди сактаңыз.
  • Окуялардын болгон убактысын жана ордун жазып туруңуз.

Колуңузда далилдер болсо, ишти сотко жеткирбей эле бүтүрүп койсо болот. Ал үчүн:

Биринчиден-кордоочуга эгерде жосунсуз жоруктарын токтотпосо, далилдериңиз менен тиешелүү органдарга кайрылаарыңызды айтыңыз.

Экинчиден- далилдериңизди сотто гана эмес, жогорку тараптагы жетекчиликке көрсөтсөңүз болот.

Жумушка алынып жатканда эки тарап ортосунда эмгек келишимине кол коюлат. Эгерде сиз баш тарткандан кийин айлык маянаңызды кыскартып же жумуштан кетирем десе, сотко кайрылууга укугуңуз бар. Бардык эмгек учурундагы талаш-тартыштар КР эмгек мыйзамдары менен жөнгө салынат.

Бизде эмне гана болбосун кыздарды күнөөлөшөт. Чындыгында, эркектерди айымдарга туура мамиле кылганды үйрөтүү керек. Эркектеги эң негизги сапат-жоопкерчилик!

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт