Канткенде үй-бүлөмө болгон мамилемди өзгөртө алам?
Бала кезимде ата-энемдин, туугандарымдын урушканы көп билинчү эмес. Азыр 23 жаштамын, үйдө атам менен тил табыша албайм. Ата баладай болуп кеңешип жумуш кыла албайбыз. Ал эми апам менен кеңешип, анча-мынча арманымды айтып турам. Бирок, кээде урушуп койсо токтоно албай, каяша айтам. Канткенде үй-бүлөмө болгон мамилемди өзгөртө алам?
Айгүл Ысыкеева
Психолог
Урматтуу окурман, өзүңүздүн эмоционалдык интеллектини көтөргөнгө аракет кылыңыз. Атаңызга таарынычыңыз болсо ачык айтып маселени чечиңиз. Апаңыз менен болгон кайым айтышууну, жөнөкөй жол менен чечүүгө аракет кылыңыз. Болгону аракет, эрк керек. Мындан сырткары психологиялык жараттардын үстүнөн психологдун жардамы менен иштеп жоюңуз.
Ата-энеге: Бала уруш-талашты жактырбайт. Алар түшүнүүнү, колдоону, камкордукту гана күтүшөт. Өсүп жетилүү жолунда ар тараптуу кыйынчылыктар, коркунучтар болот. Мындан улам бала ата-энесинен жардам күтөт. Себеби, жашоо тажрыйбасы аз болуп, өзүн коргоп кала албайт. Талашып тартышуулар дайыма кайталанып турса, психикалык жараткат алат.
Сиздер балаңыздарга болгон мамилени өзгөртпөсөңүздөр, сиздерге деген ишеними азайып, алыстоо жолун туура табат. Дайымкы конфликти өзүнүн аң сезимине сиңирип алган болсо, бала ага көз каранды болуп калат. Бул көрүнүштөр, бойго жеткен кезде ата-энесинен бөлүнүү процессине (сепарация) тоскоолдук кылат.
Тынчтык Бакытов
Психолог
Урматтуу окурман, сиздин айтууңузга караганда атаңыз менен эмоционалдык байланышыңыз аз экен. Балким апаңызга кичине жакын болгондуктан сырдаша аласыз. Апаңызга жиниңиздин келүүсү бул жөнөкөй адамдарда пайда болгон сезимдердин бири. Адам болгондон кийин ар кандай эмоция жана сезимдерди өзүбүздөн өткөрүү табияттуу нерсе.
Менин суроолорума жооп жөнөтүп маекти улантсак болот:
- Атаңыз менен эмне себептен тил табыша албайм деп ойлойсуз?
- Атаңыз сизге кандай сөздөрдү айтат? Жагымсыз суроону укканда өзүңүздү кандай сезесиз?
- Атаңызга дагы кыйкырып каяша айтасызбы же апаңызга элеби?
Үй-бүлөгө болгон мамилени өзгөртүү үчүн сиздин өзүңүздүн каалооңуз керек. Оюңузда болгон нерсени ата-энеңиз менен ачык-айкын талкууласаңыз мамилеңиз өзгөрүшү мүмкүн.
Психологго кайрылып жардам алсаңыз дагы болот.