Кыз эмес уулду болгубуз келет
Кыз эмес уулду болгубуз келет. Баланын жынысын пландап бойго бүтүрсө болобу? Же баары кудайдын буйругу мененби?
Гүлзина Мадраимова
Акушер-гинеколог
Окумуштуулардын айтуусу боюнча, баланын уул же кыз болоору атасынан көз каранды. Себеби ген аркылуу алып караганда аял кишиде ХХ, эркекте ХУ деген хромосома бар. Эгерде эркек аялга Хти берсе ХХ болуп кыз, Ути берсе ХУ болуп уул төрөлөт. Ошондой эле, болочок баланын жынысын билүү үчүн түрдүү ыкмалар бар. Алсак, овуляция учурунда кошулса эркек бала болушу мүмкүн. Бул үчүн аял этек кир циклин так билиши керек. Тамак-аштан дагы көз каранды. Илгери кыргыздар “эркек төрөйм десең, күйөңө куйрук, боордон берип майлап бак” деп айтышкан. Мезгилдерге жараша болот, жазында кыздар, күзүндө эркек балдар көп төрөлөт деп коюшат. Интернетте математикалык календарлар бар. Кыскасы түрдүү жагдайлардан көз каранды. Азыркы заманда, баланын жынысына маани бербей, 12 мүчөсү аман болуп төрөлүшүн тилеңиздер.