// //

Кантип ыктыярчы болсо болот?

2018.05.15, 12:27
1999

Мен мектеп окуучусумун, Ошто жашайм. Кантип ыктыярчы болсом болот?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
15.05.2018, 12:29

Ыктыярчы – аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө, жетимдерге, пенсионерлерге, кары картаңдарга, үйсүз калгандарга жана башка социалдык жардамга муктаж болгон адамдарга өз эрки менен жардам берүүчү адам. Ал кылган иши үчүн матиралдык сыйлык же акча албайт. Эчким аны бекер иште деп да мажбурлабайт жана ал ар бир адамдын өз эрки макулдугу менен болот.

Төмөнкү багыттарда ыктыярчы боло алышат:

Ыктыярчылар - коомдук, социалдык уюштуруу чөйрөсүндөгү иш-чараларга керек.

Алар менен биргеликте бир нече багытта иш алып барышат.

Кары-картаңдарга, майыптарга, жетимдерге жардам берүү;

Алар өздөрүнө көңүл бурдурууну каалайт, кичине нерсеге капа болуп таарынат, мына мунун баарына ыктыярчы болуп ага жардап берүүнү каалаган гана адам чыдап жардам берет. Баарына чыдап аларга ачык маанай тартуулап, кубандырган баарынан баалуу.

Жаныбарларды коргоо;

Көчөдө калган, жарадар жаныбарларга жардам беришет. Жоголуп кеткен болсо аларды издөөгө, жарнамаларды жарыялоого жардамдарын сунушташат.

Жаратылышты коргоо;

Айлананы жашылдандырууда, ишембиликте жардам берүү жана айлананы булгаган таштатандыларды тазалоо боюнча иш-чараларды өткөрүү.

Жашоочуларды сергек жашоого чакыруу;

Ар кандай пайда берүүчү баракчаларды таркатуу.

Кантип ыктыярчы болсо болот:

Сен ыктыярчы болууну чечтиңби, бирок кантип болууну билбейсиңби анда төмөнкү кеңештер сага жардам берет.

  • Кайсы багытта иш алып барууну каалайсың ошону аныктоо;
  • Тандаган багыттагы иш жөнүндө аз да болсо маалымат топтоп билип алуу;
  • Өзүңө жаккан уюштуруу тобунун жетекчисине кайрылып ага ыктыярчы болуп иштегиң келгенин айтуу жана максат кылып жүргөн планды сунуштоо;
  • Андан соң керектүү документтер болсо аларды топтоо жана баарлашууга баруу;
  • Аягында ыктыярчылардын катарына кабыл алуучу чечимди күтүү;

Байкагандай эле ыктыярчы болуп иштөө кадимки жумуштардан айырмаланат, бирок бул да чыныгы жумуш. Иштөө үчүн психикалык күч, берилүү, аракет жана эрежелерди аткаруу талап кылынат.

Сыйлык катары:

  • Коомдук чөйрө менен таанышуу;
  • Жаңы досторду табуу;
  • Уюмга жумушчу болуп орношууга мүмкүнчүлүк алуу;
  • Келечектеги жумушуңа керектүү тажрыйба топтоо мүмкүнчүлүгү;
  • Өзгөчө сезимдерге ээ болуу;

https://bilesinbi.kg/article/71/

https://bilesinbi.kg/article/41/

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт