// //

Динде сакал алса болобу?

2018.05.10, 10:50
1676

Ислам дининде сакал алса болобу? Мисалы мен сүннөт кылып өстүрөйүн деген элем бирок, менде сакал өспөйт. Ошондуктан сакалды тез-тезден алып (кырып) өстүрсө болобу?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
10.05.2018, 10:54

 Улан Усупов

теолог

Туура айтасыз, динибизде сакал коюу сүннөт болуп эсептелинет. Сакалы өспөгөн адамды кыргызда көсөө (сакал-мурут чыкпаган киши) деп коёт. Сакал өспөсө өстүрөм деп кыра берүү да туура эмес. Жараткандын бергенине да, бербегенине да шүгүр кылган жакшы. Акыр заман пайгамбары- Пайгамбарыбыз Мухаммед (САВ) көптөгөн сүннөттрү бар, биз үммөттү аткарып жана кармана турган. Жүйөлүү себептерден улам бир сүннөттү аткара албай калсак өкүнбөйлү, башка сүннөттөрүн аткара турганга ашыгалы.

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт