// //

Варикоздон кантип сакайса болот?

2018.05.07, 03:00
2085

Варикоз жөнүндө айтып бере аласыздарбы. Кандай жол менен айыктырса болот? 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
07.05.2018, 10:21

Фатима Текеева

Флеболог

Варикоз дартына биринчи кезекте генетикалык жактан жакын болгон адамдар чалдыгат. Ата-энеси же чоң аталары варикоз менен ооруган болсо, анда ал тукум кууп балага өтөт. Айымдарда варикоздун пайда болуусуна кош бойлуулук менен төрөт таасир берет.

Белгилерине токтолсок:

  • Күндүн экинчи жарымында буттардын оор болушу
  • Визуалдык жактан варикоздук веналардын сыртка чыгып калышы

Варикоз эркектерге караганда пайыздык жактан айымдарда көбүрөөк кездешет. Себеби биринчиден флебологго эркектерге салыштырмалуу аялдар көп кайрылат. Экинчиден башында айтып өткөндөй, кош бойлуулук. Ошондой эле оор жумуштарды көп жасаган адамдар варикозго чалдыгышат.

Варикоз баштапкы стадиясында байкалбайт. Күчөгөндө вена кан тамырлары сыртка чыга баштайт. Алдын алуу үчүн ултраүндөр аркылуу текшерип, биле алабыз. Эгер варикоз сыртка чыгып калса операция жолу менен гана айыктыруу мүмкүн. Операциянын эки түрү бар, ачык флебэктомия- буттун варикоз пайда болгон жерлеринин терисин кесип ачып, варикоз менен жабыркаган вена кан тамырларын алып салуу.

Экинчи хирургиялык түр бычаксыз жасалган, заманбап эндовазалдык лазердик коагуляция. Бул оортупайт, ийне сайгандай гана болот. Эстетикалык жактан сулуу көрүнөт. Лазер менен операция кылгандан кийин бейтап, ошол эле күнү күнүмдүк жашоосуна кайтып келе алат. Бейтапканага жатууга кереги жок. Болгону көзөмөлгө келип турат. Лазер менен операция жасоодо, биз экрандан баарын көрүп турабыз, рецедивтер байкалбайт. Варикозду бир жолу дарылап койсо жетиштүү болот.

Эгерде операция жасоого мүмкүнчүлүк жок болсо, анда варикозго каршы трикотаж чулкини эртең менен төшөктөн тураардан мурун кийүү керек. Бул варикоздон арылтпайт, болгону кайсы стадиясында кийсеңиз, ошол стадияны өрчүтпөй, кармап турат. Ошондой эле тромбдун жаралуусун алдын алат.

Алсак, варикоз болгон кан тамырларда кан өтпөй калып тромбдор пайда болот. Кан акпай туруп калганда анын курамы өзгөрүлүп, коюу боло баштайт. Жыйынтыгында операция кылуу керек. Башкача айтканда профилактикалык операция эмес, адам жанын сактап калуу операциясы. Себеби тромб үзүлүп кетсе өпкөгө түшүп, адам дем ала албай, дем алуусу токтоп калат. Экинчиден кан тамырлардын туубаса жетишпестиги пайда болуп, язва жаралат.

Варикоздон оперативдик жол менен гана арылууга болот. Маздар, гелдер, сүлүк курттар же элдик методдордун бири дагы жардам бербейт.

Азыркы учурда варикозго каршы колдонулуп жаткан сүлүк курттар болбогон нерсе. Болгону алардын шилекейинде канды көбүртүүчү атайын ферменттер бар. Сүлүк курт терапиясынын кийин адамдар кыска мөөнөткө эс алып калышы мүмкүн. Бирок кан тамыр кеңейип кеткенден кийин курттар аларды калыбына келтирбейт. Же операция кылуу керек же трикотаж чулкилерди кийүү керек.

Варикозду алдын алуу үчун төмөнкү эрежелерди аткаруу сунушталат:

  • Сергек жашоо
  • Диагностикага сөзсүз түрдө барып текшерилүү
  • Контрастык мончо
  • Сууда сүзүү
  • Кош бойлуу кезде атайын трикотаж чулки кийүү
  • Профилактика үчүн жылына бир жолу текшерүүдөн өтүп туруу
0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт