// //

Ажырашып келген кайын сиңдим тынчтык бербейт

2018.04.27, 11:27
983

Менин көйгөйүм ар бир келинге тааныш болсо керек, баягы эле кайын журт маселеси. Турмушка чыкканыма эки жылдын жүзү болду, кичинекей балам бар. Күйөм жакшы, көңүлүмө карап эле турат, мен дагы аны сыйлайм, жакшы көрөм. Кайын сиңдим турмушунан ажырашып биздин үйго келгиче кайын энем менен дагы өз апамдай мамиле курчумун. Башында баары ойдогудай эле болчу, бирок убакыттын өтүшү менен кайын сиңдим жок жерден кемчилик таап, сөзгө сөз кошуп, апам экөбүздүн ортобузга жарака салды. Жакында эле кайын энемдин көзүнчө айтышып кеттик, унчукпай дагы канча жүрмөк элем. Апам дагы калыс сөзүн айтып койбой “Кызым чогулт кийимдериңди, кетебиз, булар менен жашабайбыз” деп кирди. Кеткен жок кетип кайда барат, биз кетип калалы десек жолдошум жалгыз уул. Азыр болсо күйөм экөөбүздү кагып-силкип, жээрип сүйлөйт, кызына болсо “келегой, олтурагой” деп турат. Өмүрлүк жарың жакшы болуп, бирок кайын эне, кайын сиңди батырбай турса жаман экен. Суроом: Мен канткенде ортодогу мамилени оңдой алам?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
27.04.2018, 11:31

Айгүл Ысыкеева

психолог

Сиздин кайын сиңдиңиз башынан абдан оор учурду өткөрүп жатыптыр. Ушул себептен кайын энеңиз өз кызын аяп, жөлөк болоюн деп ушундай мамиле кылып жатышы ыктымал. Кайын синдиңиз деле жолдошу менен ажырашып келгенде баарыңардан жардам, аёо, көңүл, жылуулук күтүп келгендир. Бирок ал күткөн сезимди, мамилени ала алган жок, ошол себептен улам мамилесин өзгөрткөн чыгаар.

Сиз эмне кылышыңыз керек:

  • Ачык сүйлөшүү. Кайын сиңдиңиз менен ачык сүйлөшүңүз. Мен сени кайсы жерден капа кылдым? Менин мамилем сага эмнеси менен жакпайт? жана башка ушул сыяктуу суроолорду берип таарынычтын түйүнүн чечиңиз.

Эгер кайын сиңдиңиз менен тил табышып калсаңыз анда апаңыз кайра эле баштапкы калыбына түшүп, мамилеңер жакшырат.

  • Чогу олтуруп кеңешүү. Апаңыз, кайын сиңдиңиз менен биргеликте кеңешкиле. Ортодогу таарынычтын, уруштун себебин аныктап, чечүү жолдорун издегиле.

Бул жерден бир эле тараптан ката кетип жаткан жок, сиз тараптан дагы бар. Болгону чындыкты гана айтуу керек.

  • Жардам берүү. Ажырашуу учуру бул адам үчүн эң оор кырдаалдардын бири. Ошондуктан кайын сиңдиңизге сиз тараптан кандай жардам керек экенин сураңыз. Колуңуздан келишинче жардам бериңиз.

Азыр сиз жардам берсеңиз баардыгы калыбына түшкөндө, кайын сиңдиңиз сизге ыраазы гана болот.

Дагы бир маселе: үйдө ким кожойке?. Экөөң тең өзүңөрдү кожойке сезесиңер, билгениңерди жасайсыңар бирок экөөң тең кожойке эмессиңер. Мына бул нерсени дагы чечип, тил табышуу маанилүү. Эгер силер урушуп жүрө берсеңер жолдошуңа дагы кыйын, сага болуша албай же карындашына тарта албай ортодо чайналат. Сиз мунун баарын түшүнүп жатсаңыз, тил табышууга аракет кылыңыз. Мисалы бир күнү өзгөчө тамак жасап алып дасторкон үстүндө урушпай, талашпай маселени чечкиле. Эсиңизде болсун эч качан ачуулукка алдырбаңыз!

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт