// //

Кенеден кантип коргонуу керек?

2018.04.30, 12:18
5395

Кене жабышса аны кантип алып жана жардам алуу үчүн кайда кайрылуу керек? Кене чагып алса дүрбөлөңгө түшүүнүн кереги барбы? Бул жана башка суроолорго төмөнкү материалдан жооп таба аласыз.

Кене чакпасын десеңиз, анда буларды эске алыңыз:

  • Кенелер көп кездешчү жерлерден оолак болуңуз.
  • Токойго, талаага же эс алуу бакчаларына барсаңыз колу-бутуңузду толугу менен жапкан кийимдерди кийиңиз.
  • Атайын курт-кумурскалардан коргоочу кремдерди, спрейлерди жаныңызда алып жүрүүнү унутпаңыз. Бул каражаттар менен кийимдин жеңдерин, жакаларын сүртүп коюңуз.
  • Сейилдөө учурунда жана кийин өзүңүздү жакшылап карап туруңуз.

Энцефалит оорусун алдын алуу үчүн кенелер сезону башталганга чейин эмдөө алып коюңуз. 

Денеге жабышкан кенени кантип алуу керек?

  • Кенени болушунча тез арада алуу керек. Бул өз кезегинде энцефалит оорусун алдын алат.
  • Мүмкүнчүлүк болсо, медициналык борборго кайрылып, дарыгерге алдырыңыз.
  • Эгерде өз алдынча ала турган болсоңуз, анда пинцет керек болот. Кенени алып жатканда айландырбай, денеге перпендикуляр ыкмасына ылайык тартуу керек.
  • Кене толугу менен алынбай башы калып калса, аны ийне же шприцтин жардамы менен тикенекти алгандай кылып алып коюңуз.
  • Алып бүткөндөн кийин кене жабышкан жерди спирт же йод менен дезинфекция кылууну унутпаңыз.
  • Алган кенени ыргытып жибербеңиз. Оору жуккан жокпу билүү үчүн аны банкага салып, лабораторияга анализге алып барыңыз.

Энцефалиттин белгилери

Кене жабышкан жердин кызарып, шишик тартып калышы- бул нормалдуу эле көрүнүш. Бул кене бөлүп чыгарган суюктукка болгон дененин реакциясы, бир-эки күндөн кийин өзү кетип калат. Энцефалит оорусунун белгилери кене чаккандан 7-14 күндөн кийин байкала баштайт.

Эгерде:

  • Температураңыз жогоруласа
  • Денеңиз кызарып, бүдүр болуп кетсе
  • Көңүлүңүз айныса
  • Чыйрыксаңыз
  • Башыңыз ооруса
  • Муундарыңыз ооруса

Анда тезинен дарыгерге кайрылып, кене качан чакканын айтып бериңиз. Атайын кене инфекцияларына анализ тапшырып, дарылануу керектелет.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт