// //

Этек кир циклинин бузулушу гинекологиялык оорунун белгиси

2018.04.26, 15:46
29337

Этек кир – бул ар бир аял затынын организиминдеги өтө маанилүү бир процесс. Бул учурда кыз-келиндер өзүнүн ден-соолугун ойлоп кабатырланат. Бирок ошол эле учурда дарыгердин көзөмөлөнөн өтүп текшерилип коюудан качат. Гинеколог Айгерим Жакыпбекова айыз тууралуу эмнелерди айтат.

9 жашында айызы келгендер кездешет

Этек кир 14-15 жашта келсе бул нормалдуу, бирок азыркы учурда өспүрүмдөр физиологиялык, физикалык жана психологиялык жактан эрте жетилгендиктен 9 жаштан баштап айызы келген жаштар кездешет.

Айыз — аялдын организминин циклдүү өзгөрүшү менен ай сайын жатындан келген кан. Менструацияны борбордук нерв системасы (баш мээ кыртышы, гипоталамус, гипофиз) тейлейт. Гипоталамус — ички органдын ишин багыттоочу жана жөнгө салуучу баш мээнин негизги бөлүгү. Ал гипофиздин аракетин тездетүүчү өзгөчө зат — нейрогормондорду бөлүп чыгарат. Гипофиз өзү да ички секреция бездеринин, анын ичинде жыныс бездеринин функциясын активдештирүүчү гормон иштеп чыгарат. Адатта этек кир дайыма бир мезгилде кайталанып 3—4 жумада бир, 3— 7 күнгө, аялдын организминин өзгөчөлүгүнө жараша созулат. Кыздарда биринчи этек кир жыныстык экинчи белгилер пайда болгондо башталат, башкача айтканда жыныстык жетилүү болгондо. Биринчи этек кир күтүлбөстөн келген учурда кыздар коркуп, кайгырышы мүмкүн. Ошондуктан кыздарды буга мурдатан абдан этияттык менен даярдоо зарыл.

14-16 жаштан айыз келбесе дарыгерге кайрылуу абзел

Менструациянын кечигиши кыздардын ден соолугуна, социалдык жана турмуш шартына, ички секреция бездеринин функциясынын бузулушуна байланыштуу болот. Ошондуктан 14— 16 жашка чейин кыздарда айызы келбесе аялдар консультациясына врачка кайрылуу керек. 17-18 жашка чыкканда дагы этек кир келбесе сөзсүз турдө гинеколог-эндокринологго кайрылуусу кажет.

Этек кир циклинин бузулушу гинекологиялык оорунун белгиси

Көпчүлүк аялдардын айызы белгилүү убакытта кайталанып, келүү мөөнөтү да туруктуу болот, жалпы абалы анча өзгөрбөйт. Айрым аялдарда табарсыктын тушу, бел ооруйт, этек кирдин келүү мөөнөтү бузулат. Кээде аз-аздан, анда-санда же катуу ооруп кан көп кеткен учуру да болот. Этек кир циклинин бузулушу көп учурда гинекологиялык оорунун белгиси болгондуктан врачка кайрылуу зарыл. Кээде этек кир келээрде баш ооруп, алы кетип, эмчек катууланат, баш айланат, уйку качат, жүрөк тез кагат. Мында да врач менен кеңешүү керек. Аялдын ден соолугу, анын организминин иш-аракети тиричилик шартына, бала чактан туура багуу, тарбиялоого байланыштуу болот. Айрыкча өздүк гигиенаны сактоо, организмди чыңдоо, туура тамактануу чоң мааниге ээ.

Айыз каны микробдун көбөйүшү үчүн жагымдуу чөйрө 

Гинекологиялык оорулардын алдын алууда айыз учурунда белгилүү гигиеналык эрежелерди сактоо маанилүү. Айыз каны микробдун көбөйүшү үчүн жагымдуу чөйрө болгондуктан алар жыныс кынына, жатынга, жатын кошумчаларына кирип, аларда сезгенүү процесстерди пайда кылат. Этек кир келген мезгилинде күнүгө 2 жолу кайнатылган жылуу суу менен самындап жуунуп, душ кабыл алуу керек. Ваннага, мончого, сууга түшүүгө болбойт. Менструация бүткөнчө өткүр татымал, алкоголь ичимдиктерин ичүүгө уруксат берилбейт, ал кан агууну күчөтөт. Үшүп калууга, өтө чарчоого, оорулуу менен жолугушууга болбойт, анткени бул учурда аялдардын организми начарлап, ар кандай ооруга тез чалдыгуусу мүмкүн.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
28.05.2019, 08:25

Менин айызым ар кандай келет 3 айда 5айда кээде аз кээде коп коптон келет эмне кылсам болот

 

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт