Өгөй энем урушат
18 жаштамын. Биз үч бир тууганбыз. Кичүүсү менмин. Апамдын каза болгонуна 7 жыл болуп калды. Атам апам кайтыш болгондон 3 жыл өткөндөн кийин башка аялга үйлөнүп алды. Ал аял баары бир өз апабыздай боло албайт экен. Кээде урушуп кетебиз. Апамдын каза болгонуна азыркыга чейин көнө албай келем. Кээде алыстарга качып кетким, атама ал аялы менен ажыраш деп айткым келет. Иштейин десем дагы атам уруксат бербейт. Эмне кылсам болот?
Тамара Воронцова
Психолог
Кымбаттуум, азыр сизге баарынан апаңыздын колдоосу жана кеңеши керек болуп жатканын түшүнүп турам. Ооба, өз апаңыздын оордун эч ким ээлей албайт. Өгөй эне менен достошуп, ынтымактуу жашоо идеалдуу бир көрүнүш. Бирок бул чанда гана кездешет. Өгөй эне, өгөй кыз өз алдынча жакшы адам болгон күндө деле, ортолорунда жоготуу кайгысы, кызгануу, атага болгон таарыныч сыяктуу сезимдер болот. Өгөй апаңыз болгон күндө деле атаңыз балдарын эмес, аны тандаганы үчүн ал баарыңыздарга душман көрүнөт. Өгөй энеңизди апа эмес, курбу, тааныш же кошуна катары кабыл алыңыз. 4 жыл ичинде мамилеңиздердин жакшы болбогонуна анын гана эмес, сиздин дагы күнөөңүз бар. Турмушта эмне болоорун эч кимибиз билбейбиз, андыктан анын ордуна өзүңүздү коюп көрүңүз. Бир тасмада баш ролду ойноп жатканыңызды элестетиңиз. Жактырган адамыңыздын балдары сизди кабыл албай жатат. Сиз мен кетип калмакмын деп айтасыз. Бирок бул кепти турмушка чыга элек кыз айтып жатат. Ал эми аялдын өзүнүн далилдери бар. Ал жактырган адамын жолуктуруп, өз жашоосун куруп жатат. Жакында сиз дагы өз жашооңузга багыт аласыз. Окуйсуз, үй-бүлө курасыз, балалуу болосуз. Атаңыз жана анын аялы экинчи планга өтүп кетет. Атаңызга өз жашоосу менен жашоого уруксат бериңиз. Эркектерге жалгыз жашоо абдан кыйын. Эгерде атаңыз ажырашып кетсе, ал жалгыз калат. Сиздер менен жашаган күндө дагы өз жашооңор бар. Атаңыз аялы менен бактылуу жашай беришсин, ага кабатырланбай сизге дагы тынч болот.
Атаңыз иштөөгө уруксат бербей жатса, колуңуздан келген нерселерди үйрөнүңүз, бош жүргөндөн көрө келечегиңиз үчүн пайдалуу болот. Жаман ойлордон дагы алыс болосуз. Жакында сиз дагы болочок жолдошуңузду тандайсыз. Мүмкүн атаңызга анын көп жери жакпай калат. Бирок атаңыз маданиятты сактап, сиздин көңүлүңүз үчүн эч нерсе айтпайт. Сиз дагы тарбиялуу, кең пейил болуңуз. Сиздин тагдырыңыз ушундай экен, аны кабыл алып, жакшы нерсени гана ойлоңуз. Алдыга гана багыт алыңыз. Сизге кыялдарыңыздын орундалышын каалайм!