// //

Консерваторияга тапшыруунун жолдору

2018.04.06, 09:39
1541

Мен консерваторияга тапшырайын деп жатам. Окуу жайга кабыл алуу шарттары тууралуу маалымат бере аласыздарбы?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
06.04.2018, 10:17

Кыргыз Улуттук Консерваториясы

Кыргыз Улуттук консерваториясы студенттерди күндүзгү жана контрактык бөлүмдөрү боюнча окууга кабыл алуу иштерин жүргүзүп келет. Биздин факультеттер:

  1. Оркестр факультети- төмөнкү адистер боюнча:

- кыл аспаптар (скрипка, альт, виолончель, контрабас)

- үйлөмө жана урма аспаптар (флейта, гобой, кларнет, фагот, труба, валторн, тромбон, туба, урма аспаптары)

- музыкалык эсрада искусствосу (аспаптык жана вокалдык чеберчилик).

  1. Фортепиано жана теория факультети - төмөнкү адистер боюнча:

- фортепиано

- композиторлук

- музыка таануу

  1. Вокалдык жана хор факультети- төмөнкү адистер боюнча:

- вокалдык искусство

- дирижерлук

- опералык жана симфониялык дирижеру (күндүзгү бөлүм)

- хореография режиссурасы

  1. Салттык музыка жана элдик аспаптар факультети- төмөнкү адистиктер боюнча:

- элдик аспаптар - (комуз, прима, альт, бас, кыяк,темир-комуз, чопо-чоор, сыбызгы, баян, аккордеон, гитара).

- кыргыздын салттык музыка жана фольклору( вокалдык чеберчилик).

Консерваториянын бардык факультеттерине музыкалык орто адистик билими бар жана мектептин атайын музыкалык адистигин бүткөн 30 жашка чейинки, жеке аткаруучулук адистигине 28 жашка чейинки абитуриенттер гана кабыл алынат. Күндүзгү бөлүмгө тапшыргандар стипендия менен камсыз кылынат, алыскы жактарда жашагандар үчүн жатакана берилет.Абитуриенттер экзамен тапшыруу убагында убактылуу жатакана менен камсыз кылынат. Документтерди кабыл алуу, экзамендер тууралуу азырынча дата коюла элек. Сиз кененирээк маалыматты Бишкек шаары, Жантошев көчөсү 115 дарегинен же болбосо тел.: 57-95-02; 57-02-25 телефондору аркылуу ала аласыз.

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт