Бул белгилер болсо психологго муктажсыз
2018.04.19, 12:18
8863
Көпчүлүк өспүрүмдөр кайсы учурда психологго кайрылаарын билбей, депрессияга туш болушат. Психолог Гүлмира Молдокулова кайсы учурда психологго кайрылуу керек экендигин айтып берди.
Психологго кайрылуунун 18 себеби:
- Эмне каалап жатканымды билбейм;
- Дайым стрессте жашайм;
- Жан дүйнөм жалгызсырап жатат;
- Менде бир нерсе туура эмес;
- Эмнегедир тынчсыздануудамын;
- Жеке жашоомду жөнгө салгым келет;
- Эмнеге жашап жатканымды такыр түшүнбөйм;
- Өз алдымча чечим чыгара албайм;
- Менин эмнеге шыгым бар?
- Мен бардык учурда кайгылуумун;
- Бардык нерсе кыжырымды кайнатат;
- Мен жалгызмын;
- Мени эч ким түшүнбөйт;
- Менин үй-бүлөмдө уруш-талаш, чыр-чатактар көп, алардан тажадым;
- Өзүмдү-өзүм түшүнгүм келет;
- Өз жашоом менен жашабайм;
- Мага эч нерсе кызыктуу эмес;
- Мага өзүмдүн жашоом жана ишим жакпайт, барынан тажадым;
Урматтуу дос! Эгерде сенде жогорудагы 18 белгинин бири болсо анда www.bilesinbi.kg порталына өз сурооңду жөнөт. Анонимдүүлүкө кепилдик берип, атайын адистен жооп алып берүүгө даярбыз!
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.