// //

Өзүбүзгө болгон бааны көтөрөбүз

2018.01.18, 10:47
5035

Өзүн-өзү туура баалай билүү, ишенүү– ийгиликке жетүүдөгү эң жөнөкөй курал. Бул куралды колдоно албагандар жашоосунда түрдүү кыйынчылыктарга кабылышат. Өзүн төмөн баалоо көйгөйү канчалык деңгээлде олуттуу жана адам өз баасын көтөрүү үчүн эмне кылуусу керек деген суроолорубуз менен психолог Самат Аалкановду маекке тарттык.

- Өзүнө өзү баа берүү качан башталат?

- Өзүбүзгө баа берүүбүз кичинебизден калыптанат. Бала бакчадан тарткан сүрөтүңө, кийген кийимиңе, мектепке барганда жакшы же жаман окуганыңа карата баа аласың. Жашообузда маанилүү болгон ата-энебиз, досторубуз жана мугалимдерибиз биз туралуу кандай ой-пикирде болсо, ошондой адам болуп чоңоебуз.

- Баа алуу адам жашоосуна кандай таасир берет?

- Баа алуу менен адамдар “мен кандаймын, мен киммин” деген чечимге келишет. Балага жаштайынан “ колуңдан эч нерсе келбейт, акыл-эсиң жок” деп айтсак, ал “мен жаманмын, колуман келбейт, утулуп калам” деген жаңылыш образды түзүп, түрдүү кыйынчылыктарга кабылат.

Кызыктуу бир экспериментти айта кетейин. Американын Гарвард университетинин адистери жөнөкөй бир мектепке барып “биз тест ойлоп таптык, анын жыйынтыгында жашоода ийгиликке жетчү адамдарды аныктайбыз” деп тестирлөө жүргүзүшөт. Жогорку упай алгандарды өзүнчө класска бөлүп окута башташат. Окуу жылынын аягында бөлүнгөн класска келип байкоо жүргүзүшсө, сен жакшы окуйсуң деп бөлгөн окуучулар чындыгында эле жакшы окуп башташкан болот. Экспериментке окуучуларды жогорку упайларына карап эмес, кокустан тандашкан эле. Балдар келечекте ийгиликке жетишесиң деген нерсеге катуу ишенгендиктен жакшы көрсөткүчтөрдү беришкен. Демек, “мен кыла албайм” деп айта берсек коркуулар пайда болот, жашоодон болгон күтүүлөр төмөндөйт. Оюубузда эмне болсо, өзүбүзгө ошол нерселерди тартабыз.

- Өзүнө өтө жогору баа берген адамдар тууралуу дагы айта кетсеңиз.

- Өзүнө өтө жогору баа берүү дагы болбойт. Мындай адамдар, өзүн баалабагандардан дагы оорураак көйгөйлөргө кабылат. Аткара албаган нерсесин кыла алам деп, жыйынтыгында ийгиликке жетпей, стресс болот. Башкалардын алдында адекватсыз көрүнөт.

- Кантип өзүн-өзү туура баалоону үйрөнсө болот?

- Өзүбүзгө болгон баа мүмкүнчүлүктөрүбүз менен тең болушу зарыл. Мисалы бир адам 100 сомдук иш аткара алат, бирок өзүн 5 сомго баалайт же тескерисинче. Мындай обьективдүү эмес баалоо болбойт. Алгач турган деңгээлиңди аныктап, колуңан келген нерселерди санап, ордуңду табышың керек. Өзүбүздү туура баалап, күтүүлөрүбүзгө ишенсек, жашообуз өзгөрөт.

- Өзүнө-өзү баа берүүгө жашаган чөйрө канчалык деңгээлде таасир берет? 

- Жашаган чөйрөнүн таасири чоң. Көп адамдар башкалардын “кыла албайсың” дегенине ишенишет. Бирөө “колуңдан келбейт десе” ал өз ичиндеги нерсесин айтат, аны угуунун зарылчылыгы жок. Колуңдан келээрин билсең ошол жетиштүү. Адамдын баарын уга берсең акылыңдан адашасың, тандоо өз колубузда.

- Өзүнө-өзү туура баа берүүнү үйрөткөн китептердин, тренингдердин пайдасы барбы?

Тренингге барганда же китеп окуганда алардын максаттарын билүү керек. Кеңеш берген китептердин пайдасы жок. Мен өзүмдү жакшы көрүшүм керек турбайбы дегенде эле адам өзүн жакшы көрүп калбайт. Балким ал китептер туура идея айтып жаткандыр. Ал идеяга жетиш үчүн өзүбүзгө болгон ишенимди өзгөртүү керек. Көйгөйлөр тереңдикте жайгашат. Аларга сүйлөмдөр менен жете албайбыз.

 

 

 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт