Агайымды сүйөм
Биздин мектепке алгебра сабагынан берген мугалим агай келди. Буга чейин эсеп чыгарууга аракетим жок эле, агай келгенде бул сабакка болгон кызыгуум өөрчүдү. Ар бир сабагын күлүп-жайнап, кызыктуу кылып өткөрөт, мага да көңүл буруп, чыгарган эсебим, аткарган тапшырмамда кичине катасы болсо да “5” деген баасын коюп, окууга болгон башкача көз карашымды ойготту. Окууга гана эмес өзүнө болгон суктануумду, сүйүүмдү ойготту десем да ашыктык кылбайт. Бирок бул нерсе көпкө узаган жок, агай башка мектепке которулуп кетти. Азыркы учурда 10-класстын окуучусумун ар бир күнүм армандуу, өлгүм келет. Агайга бир нерсе болсо токтоосуз өлүп берүүгө даярмын. Сиздерден кеңеш күтөм.
Алина Сейдалиева
психолог
Сиз өзүңүздүн ичиңизде болуп жаткан сезимди, ойду ачыкка чыгарып кеңеш сурап жатканыңыз бул жакшы касиет. Негизинен сүйүү темасына жалпылап кеңеш берүүгө болбойт, анткени ар бир адам ар кандай өлчөмдө, деңгээлде бул сезимге кабылат. Менимче болуп жаткан кырдаалда кандайдыр бир өсүү, келечек жок экенин өзүңүз аңдап, түшүнүп жаткандайсыз. Мындай абалга убакыт гана жардам бере алат. Сезимге азгырылбай окууга, досторуңузга же болбосо спортко алаксыңыз. Өлүп алгым келет дегениңизге, башка дагы себептер болушу мүкүм эмеспи? Муну да кылдаттык менен ойлонуп көрүңүз.