// //

Баламды милиция кысымга алууда

2018.03.15, 17:01
1051

Балам 8-класста окуйт. 7-март күнү классындагы окуучулар отуруш кылмакчы болушат. Бирок чогула албай калышат. Жыйынтыгында күндүзгү маалда бир кыздын үйүнө жалаң кыздар гана чогулуп, отурушат. 5 эркек бала таттууларды алып барып куттуктап, нан ооз тийип эле үйдөн чыгып кетишет. Отуруш болуп жаткан үйгө кечки саат сегиздер чамасында милиция кызматкерлери келип, отурган 4 кызды кармап калышат. Эми бул иш бир жумадан бери бүтпөй, балдардын укугун коргоо эмес, тебелөө болууда. Милиция кызматкерлери кызмат абалынан пайдаланып балдарды чектен чыгара кысымга алып жатышат. Эне болгондон кийин коркот экенсиң. Милициялар барып балдарга түшүнүк кат жаздырып алышты. Түшүнүк катта отуруш болбогондугу көрсөтүлгөн эмес. Бирок куттуктап барган 5 баланы кайра-кайра эле суракка алып, каттоого тургузганга аракет жасашууда. Эмне кылышыбыз керек?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
16.03.2018, 08:52

Нурислам Раимжанов

Юрист

Кыргыз Республикасынын Конститутциясынын 22-беренесине ылайык, эч ким бирөөнү коркутуп, зордук-зомбулук көрсөтүүгө акысы жок. Бул адамдын үзгүлтүксүз укугу болуп эсептелинет. КР Конституциясынын 18-беренесинде жарандар Конститутцияда жана мыйзамда тыюу салынбаган иш-аракеттерди жүргүзүүгө мүмкүн деп көрсөтүлгөн. Демек, биринчиден кыздардын отурушуна тыюу салынбаса, анда аларга милиция кызматкерлери тоскоол боло албайт. Экинчиден укук коргоо кызматкерлери кыздар отурган үйгө алардын эркине каршы чыгып кире албайт. Бул баш мыйзам болгон Конститутциянын 30-беренесинин биринчи пунктунда "Ар ким өзүнүн менчигинде же башка укуктук ээлигинде турган турак-жай менен башка обьектилердин кол тийбестик укугуна ээ. Эч ким ээсинин эркинен тышкары алар пайдаланып турган турак-жайга жана башка обьектилерине кире албайт" деп так жазылган. Үчүнчүдөн балдарды суракка алып, түшүнүк кат алды деп жатасыз. Мыйзамга ылайык милиция кызматкерлери бойго жете элек балдарды ата-энесинин же жакындарынын, мугалиминин катышуусу жок жалгыз суракка ала албайт. Эгер катышкан болсоңуз, анда жакшы. Баланы каттоого тургузуу үчүн жүйөөлүү бир себеп болушу шарт. Жөн жүргөн баланы каттоого алууга мыйзам жол бербейт. КР баш мыйзамынын 26-беренесинин 5-пунктунда эч ким өзүнө каршы көрсөтмө бербөөгө укуктуу. Бирөө сени мажбурлай албайт деп айтылган. Мен сизге кандай укугуңуз бар экенин түшүндүрүп өттүм. Эмне кылышым керек деп жатасыз. Балаңыз бойго жеткенге чейин мыйзамдуу өкүлү катары болуп сиз эсептелесиз. Мыйзамга каршы аракеттер жүрдү десеңиз, милиция кызматкерлеринин туура эмес иш аракеттери үчүн жашаган жериңиздин прокуратура органдарына доо арыз менен кайрылыңыз. Эгерде балдарыңызды милиция чакырып жатса, сизге өкүлү катары чакыруу статусун көрсөткөн чакыруу бериши керек эле . Эгерде булардын баары жок болсо, болгон окуянын баарын арызда көрсөтүңүз. Үзгүлтүксүз же абсалюттук укук деген түшүнүк бар. Кандай гана учур болбосун бирөө бирөөнү кыйнап, кысымга алууга жол берилбейт.

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт