Апам чоңойгонумду сезбейт
17 жаштамын. Апам менен сүйлөшүүдөн качам. Себеби ал менин чоңойгонумду сезбей, көп нерсеге тыюу салат. Өз оюмду айтканга дагы укугум жок. Намаз окуйм клуб, туулган күн дегендерге барбайм. Курбума барып келейин деп сурансам уруксат бербейт. Мени жаман жолго түшүп кетет деп ойлойт. Мындай чектөөнүн айынан чындап эле бузулуп кетчүдөй болом. Акыркы күндөрү ичип, чегип, клубдарга баргым келет. Эмне кылсам болот?
Бермет Наралиева
психолог
Муундар арасындагы келишпестик мыйзам ченемдүү кубулуш. Апаңыздын кооптонуп, тыюу салгандарын сизге болгон коргоосу, камкордугу деп билиңиз. Ортоңуздарга ишеним пайда болуусу керек. Бул ишенимге туура түшүндүрүү жолу менен пикир алышуунун натыйжасында гана жетише аласыз. Түз баскан жолуңуздан адашпаңыз. Ачык сүйлөшүүдөн качпай, ортодогу субардинация бузулса дагы өз максаттарыңызды, позицияңызды түшүндүрүңүз. Апаңыз түшүнөт деген ойдомун.