// //

Менеджмент тармагын тандасам, мага жумуш табылабы? Адис жооп берет

2020.06.15, 11:28
5965

Саламатсызбы. Учурда кайсы кесиптерге суроо талап жогору? Менеджмент тармагын тандасам, мага жумуш табылабы?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
15.06.2020, 11:33

Кыялбек Акмолдоев

Ала-Тоо Эл аралык университетинин Экономика жана Башкаруу факультетинин деканы

Биринчи сурооңузга жооп бере турган болсом, учурда IT сектору өнүгүп баратканына улам, бул багытта иштеген программист жана долбоор жетекчилерине суроо-талап жогору десек жаңылышпайбыз. Бирок кесип тандап жатканда кайсы кесипке суроо-талап көп болсо ошону тандоо чоң жаңылыштык. Себеби биринчиден, ал кесип сиз 4 жылдан кийин ЖОЖду бүтүргөндө актуалдуу болбой калышы мүнкүн. Экинчиден тренд болуп жаткан кесиптерди эмес, сиз кызыккан жана сүйгөн кесипти тандоо өтө маанилүү. Ар бир адамдын жөндөмү кесиптин шарттарына дал келбөөсү мүнкүн. Мисалы IT программист болуу үчүн математикалык базаңар өтө жакшы болуусу шарт.

Экинчи сурооңуз боюнча, Менеджмент тармагын тандасаңар албетте жумуш таба аласыңар. Мисалы Ала-Тоо эл аралык университетинин менеджмент программасын аяктаган бүтүрүүчүлөрүбүздүн алды өздөрү ачкан чакан бизнестери менен алек болсо, калгандары жеке фирмаларда маркетолог, бухгалтер же PR менеджер болуп иштешет. Ошондой эле мамлекеттик кызматта жеке чет өкөдө магистратурада окууну улантуу мүмкүнчүлүгү бар.   

Ийгилик!

Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.

Бул жактан дагы окусаңыз болот:

Журналист болуу үчүн кандай сапаттарга ээ болуу керек?

Кыргызстанга барбай туруп университетке тапшырсам болобу? Адис жооп берет

Кесип тандоо: Азыркы күндө юристтерге суроо талап барбы?

Кыргызстанда медицина багытын англис тилинде окуу мүмкүнбү?

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт