// //

Үйдөгүлөргө болгон акчамды салам, ошондо да жакпайм

2020.02.13, 15:08
8542

Саламатсызбы. Мен 27 жаштамын, турмушка чыга элекмин. Менин көйгөйүм мында: өзүм чет өлкөдө иштейм, болгон акчамдын барын үйдөгүлөргө салам, кредитин төлөйм, кошумчаларын жөнөтөм, кем-карчысын толуктайм. Ошондо да жакпайм “элдин кыздары минтип, тигинтип”, деп турушат.

Окуу жайга өз күчүм менен өткөм, өз күчүм менен тырышып жүрүп бүтүрдүм, чет өлкөгө да өзүм чогулткан тыйын-тыпыр менен келгем. Билимимдин арты менен жакшы ишке орноштум.

Быйыл айылга барганымда, болду эми күйөөгө чыгайын, десем, “күйөөгө тийген ким эле жыргап жатыптыр”, - дешип, такыр болбой коюшту.

Ишенесиңерби, ушу убакытка чейин өзүм үчүн тыңыраак эч нерсе ала элек экенмин. Болду салбайм, өз оокаттарын өздөрү кылышсын, дейм дагы, анан телефон чалып, ыйлактаса эле боорум ооруп, чыдабай кетем.

Тажадым! Өз келечегимди кургум келет. Ал үчүн эмне кылышым керек?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
13.02.2020, 15:14

Эльвира Чокоева

Психолог

Саламатчылык!

Сиз жакындарыңыз сизди түшүнбөйт жана башкалар менен салыштырат. Бул салыштырууда ар дайым башкалар сизден жакшы болуп чыгаарын айтып жатасыз.

Андан тышкары кредитин жана башка чыгашаларын төлөгөнүңүзгө карабастан, ар дайым сизге нааразы экенин айтып жатасыз. Аларга дагы деле аз жасап жаткандай сезилет.

Балким, менин сөзүм сизге катуу тиет, бирок сиздин туугандарыңыз, эбак эле башыңызга чыгып алган. Сизди акча өндүрүп, алардын көйгөйүн чечүүчү адам катары гана кабыл алышат. Мындай кишинин бар болгону өтө ыңгайлуу да, туурабы?

Алыста иштейсиз, сиздин көйгөйлөрүңүз менен баштары оорубайт. Ал эми турмушка чыксаңыз, алар туруктуу кирешесинен кол жууп калышат да. Ошондуктан бул чечиминизге каршы чыгып жатышат.

Эмне үчүн ар кимге жагынып, жакшы кыз болгуңуз келе берет? Эмне үчүн жеке кызыкчылыктарыңызды, бактыңызды курмандыкка чалып жатасыз? Болду, жетишет, кенедей кыз эмессиз. Алдыга өз максаттарыңды коюп, ошого жетүүгө умтулуу керек.

Албетте, ата-энеге жардам берүү абдан жакшы. Бирок, өзүң бутка тургандан кийин гана башкаларга жардам бере аласың. Ага чейинкиси жардам эмес - манипуляция.  

Келечегиңизди элестетип көрүңүз. 10 жылдан кийин эмне өзгөрөт? Дагы деле туугандарыңызга акча салып жатасыз, дагы деле жалгызсыз. Бирок жаштык, ден соолук мурдагыдай эмес. Убакыт сизди күтпөйт. Ал өз ыргагы менен өтө берет.

Тагдырыңды колуңа алуу жана өзүңө жаккан жашоону баштан кечирүү -  мунун бары сиздин гана чечимиңиз.

Бактылуу болуңуз!

Эльвира Чокоева менен инстаграмдагы @elvira_psiholog аккаунту аркылуу байланышсаңыз болот.

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт