// //

Бактияр ажы: Эркек аялына "мен сени багып, кийинтип жатам" дебеш керек

2020.01.23, 15:24
3550

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармасынын фатва бөлүмүнүн адиси Бактияр ажы Токтогазы уулу Bilesinbi.kg’де конокто болуп, исламдагы күйөөнүн милдеттери тууралуу айтып берди. 

Үй-бүлө куруудан мурун даярданат

Ислам дининдеги күйөөнүн милдеттери тууралуу Алла Таала Курани Каримде жана Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (салллаллаху алейхи васаллам) көп жолу айткан. Үй – бүлө курам деген каалоосу болгон адам сөзсүз түрдө даярданышы керек. Бул бир күндө эле үйлөнө кала тургандай, жоопкерчиликсиз же милдетсиз жөнөкөй нерсе эмес! Үй-бүлө курган адам анын милдеттерин өз мойнуна алып, жашоодогу чоң бир вазипасын аткара баштайт.

Пайгамбарыбыз куттуу хадистеринде, “Кимде-кимдин үйлөнгөнгө кудурети жетсе, ал үйлөнсүн”,- деп айткан. Демек, үйлөнгүсү келген эркек, “Кайда жашайм?”, “Үй-бүлөмдү кантип багам?” деп ойлонуп, үйлөнүп алып башкаларга жүк болбой, иштеп, үй-бүлөсүн камсыздаганга аракет кылышы керек.

Аялын жашай турган үй менен камсыздайт

Эркек үйлөнгөндөн кийин аялын жашай турган үй менен камсыздайт. Балким, ал өзү турган үй болот же батирге чыгышат. Үй менен камсыздоо дегенде сөзсүз түрдө эле чоң особняк же элита батирлер эмес, баары өз деңгээлине жараша болот. Мындан тышкары тамак-аш, кийим-кече, балдарына тарбия берүү эркектин түздөн-түз аткара турган милдеттери болуп саналат.

Өз милдеттерин аткарбаган эркек жоопкерчиликсиз адам!  

Аял милдетин аткарбаган күйөөсү менен ажырашууга укугу бар

Эгер эркек милдеттерин аткарбаса, аялынын иштетип, анын эсебинен жашай турган болсо, аял “мен муну менен жашабайм, ал өз милдетин аткарбайт, ажырашам” дегенге толук укуктуу. Мунун баары дароо эмес, убакыттын өтүшү менен келет. Мисалы, жумушу жок болсо, ылайыктуу иш тапканга мөөнөт берилет. Ошого карабастан милдетин аткарууга ниетенбесе, аялы ажырашуу оюн айтат.

Эч качан эркек аялына, “Мен сени багып, кийинтип жатам” деп жасагандарына милдет кылбашы керек. Үй, тамак-аш жана кийим менен камсыз кылуу, үй-бүлөсүн эч нерседен кем кылбай багуу күйөөгө берилген түздөн-түз милдет. Мындай сөздөрү ашыкча, кудайга жакпаган иш.

Келгиле бир туугандар, өзбүздүн жоопкерчилигибизди, милдеттерибизди толук кандуу аткаралы! Аял кишилерге “мен сени багып жатам” деген сөздөрдү айтуудан алыстайлы. Өзүбүз үйдө калып, апаларыбызды, аялдарыбызды же эже-карындаштарыбызды алыскы жактарга жөнөтүп, шарттары оор болгон жерлерде иштетпестен, өзүбүз эмгектенели! Намыстуу бололу!

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт