// //

Баланын эмгеги – эмне үчүн керек жана кандай функцияны аткарат

2019.12.12, 15:11
15731

Жаңы төрөлгөн ымыркайды колго алгандан коркосуң. Бир жерин оорутуп, алам же ыңгайсыз кармап алам деп чоочулайсың. Ал эми башындагы эмгеги жүрөгүнүн согушундай өйдө-төмөн көтөрүлүп жатканын көрүп, таптакыр эле өзүңдү жоготуп коесуң.

Bilesinbi.kg окурмандарына баланын эмгеги эмне үчун керек жана кандай функция аткара турганын айтып берүүну чечти.

Баланын башындагы эмгеги  - бул табияттын ойлоп тапкан жардамчысы.

Көрсө, баланын башында эки эмгеги болот экен: чоң жана кичи. Чоң эмгеги кайсы жерде жайгашканын бардыгыбыз билебиз (төбөсүндө). Көлөму болжол орто эсеп менен у болжол орто эсеп менен 3х2 же 2х2 см.квадрат болот. Ал эми кичи эмгеги желкесинде жайгашкан. Анын узун туурасы 1 см.квадраттан ашпайт. Кичи эмгек көпчүлүк балдарда төрөлгөндөн кийин эле катып калат.

Баланын эмгегинин негизги функциялары:

  1. Бул баш сөөктөрдүн ортосундагы табигый амортизатор. Ал наристени мүмкүн боло турган баш чайкалуулардан жана жарат алуулардан коргоп турат.
  2. Эмгек баланын баш сөөгүн кууш болушуна жардам берет. Бул төрөт процесси учурунда абдан керектүү жөндөм. Себеби, бала энесинин жыныс кынынан кыйналбай өтөт.
  3. Баш сөөктүн ички кан басымы (внутричерепное давление) көтөрүлгөндө, баланын эмгеги бир аз көөп, көтөрүлүп калат. Үй-бүлөлүк дарыгер баланын башын кармап көрүп эле коопту симптомду аныктайт.
  4. Жаңы төрөлгөн баланын мээси бир жылга чейин активдүү өсөт. Эмгеги жок болсо, мээни кармап турган сөөк, мындай күч келтирүүгө чыдабай, ажырап кетмек. Эмгектин жумшак болушу мээнин өсүшүнө жетишээрлик мейкиндик берет, жана тоскоолдук жаратпайт.
  5. Баланын дене табы көтөрүлгөн учурда эмгеги вентиляциялык система сымал, баш мээни ысып кетүүдөн коргоп, желдетип турат.
  6. Бала башы менен бир нерсени сүзүп алса, эмгеги мээсинин чайпалып калуусунан сактайт.

Баланын эмгеги качан катыйт?

Бала бир жашка чыкканга чейин эмгеги толугу менен катып калат. Эгер бул процесс бир аз эрте же тескерисинче кечирээк боло турган болсо, кооптонбогула.

Ал эми 1,5 -2 жашка чейин эмгеги катый элек болсо, анда доктурга кайрылуу керек. Бул кандайдыр бир оорунун же патологиянын белгиси болушу мүмкүн.

Баланын эмгегинин катышы энесинин кош бойлуу кезиндеги тамактануусунан көз каранды. Эгер болочок эненин күнүмдүк рационунда витаминдер, минералдык заттар жетишсиз болсо, эмгеги көптө катыйт, эгер тескерисинче ашыкча витамин ичсе баланын баш сөөгү тез катып, мээсинин толук кандуу өсүшүнө тоскоолдук жаратат. Ошондуктан, бардык дары-витаминдерди орду менен жана дарыгердин көрсөтмөсү менен гана кабыл алуу керек.

Баланын эмгегинин өтө кеч катышы

Баланын эмгегинин өтө кеч катышы, кальцийдин жетишсиздигинен кабар берет. Бул өз кезегинде рахит (итий) оорусуна себепкер болот.

Рахит олуттуу оору. Ал сөөк ткандарды жабыркатып, буту, белинин кыйшайышына алып келет. Натыйжасында, баланын басканы өзгөрүп, чачтары түшүп, өтө терчил болуп калат. Андан тышкары психикалык өнүгүүсүн да жайлатат.

Баланын эмгеги анын ден соолугунун абалын көрсөтүп турган индикатор.  

Маалымат бул жерден алынды.

Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт