Кредитин төлөбөй жүргөн досума кепил болгом. Эми чет жакка чыга аламбы?
Саламатсызбы! Мен досум кредит алганда кепил болуп бергем. Ал досум эки жылдан бери акчаны төлөбөйт. Мен эми чет мамлекетке чыга аламбы? Банк мени Кара тизмеге киргизип койбойбу?
"Бай Түшүм" Банкынын юридикалык бөлүмү
Саламатсызбы! Эгер сиз досуңузга кепил болуп, кепилдик келишимине кол койсоңуз, досуңуз менен солидардык (ортоктош) түрдө жооп бересиз.
Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 343-беренесинин 1-бөлүмүндө, "Кепилдик келишими боюнча, кепил болуучу башка жактын кредитору алдында ал жактын милдеттенмелери карызкор менен толук же жарым-жартылай аткарылышынын милдетин алат" деп көрсөтүлгөн.
Аталган кодекстин 344-беренесинде, "Карызкордун кепилдик менен камсыздалган милдеттенмеси аткарылбаганда же тийиштүү түрдө аткарылбаганда, эгерде кепилдик келишими менен кепилдин субсидиардык жоопкерчилиги каралбаса, кепил жана карызкор кредитордун алдында чогуу жооп берет" деп айтылган.
Чет мамлекеттке чыгуу бөгөтүн КРнын соту чечет. Эгер сот аткаруучу тарабынан аталган чектөө коюлса, сиз мамлекеттен чыга албайсыз.