Менин жөлөкпулумду чоң энем алат. 18 жашка чейин өзүм алсам болобу?
Саламатсызбы! Менин кичине кезимде атам өтүп кеткен. Үч бир тууганбыз. Мен апам менен таенемдин үйүндө чоңойдум. Эки бир тууганым болсо энемдин колунда калган. Азыр 16 жаштамын, 10-класста окуйм. Энем биздин үчөөбүзгө тең жөлөкпул алат. Бирок мага менин акчаман бир тыйын берген эмес. 18 жашка чейин жөлөкпулду өзүм алсам болобу? Учурда апам чет жакта.
Айкөл Турганбаева
КРнын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин мамлекеттик жөлөк пулдар жана акчалай компенсациялар башкармалыгынын кызматкери
Урматтуу окурман! Сурооңузда тактай турчу жагдайлар көп. Менин сизге кеңешим, жашаган жериңиз боюнча райондук жана шаардык социалдык өнүгүү башкармалыктарында баланы жана үй-бүлөнү коргоо бөлүмдөрү бар. Сиз ошол жерге кайрылып, жагдайыңызды толук түшүндүрсөңүз, жөлөкпул маселесин чечип беришет.
Жөлөк пул маселесин чечээрден оболу, сизге кыскача түшүндүрүп кетүүчү бир жагдай бар.
Жашы жете элек баланы аракетке толук жөндөмдүү (эмансипация) деп жарыялоо ата-энесинин экөөнүн тең, асырап алуучулардын же камкордукка алуучунун макулдугу менен же мындай макулдук болбогон учурда соттун чечими менен балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмүнүн чечими боюнча жүргүзүлөт.
Ошондуктан, КРнын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин жарандар менен иштеген коомдук кабылдамасына, 0312 660 107, 0312 45-44-29 номуруна байланышка чыгыңыз, же министрликтин +996 557 700 845 WhatsApp номерине жазыңыз.