Кайын агам жакшы жерде иштейт, бирок алимент төлөгөндөн качып жатат
Саламатсызбы. Кайын агам ажырашып кеткен. Алимент аз төлөөнүн айласын кылып, “айылга мурап болуп иштеп атат”, деген документ жасатып алган. Чындыгында өзү алтын кенде иштейт, жакшы эле табат. Жеңем эки бала менен аябай кыйналып жатат. Кимге кайрылса болот бул маселе боюнча?
Ширин Алмазова
“Линия защиты” коомунун адиси, адврокат
Саламатчылык. Жеңеңиз соттук аткаруучуга кайрылсын. Ал Соцфондого кат жазып, күйөөсүнүн тапкан акчасынан канчасы социалдык төлөм катары кетип жаткан маалыматты суратат. Ал маалыматтын негизинде, күйөөсү чынында канча каражат табаарын, кайсы жерде ким болуп иштээрин билсе болот.
Кайын агаңыз тапкан кирешенин негизинде эки балага алимент өндүрүлөт.
Андан тышкары алтын кенге да кат жүзүндө кайрылып, аты жөнүн жазып ушундай адам иштей тургандыгын тактап берүүсүн өтүнсөңүз болот.
Ийгилик!