// //

"Ашык болгон адам ар дайым ичинен кайнап турат"

2018.02.01, 10:47
3450

Гүлмира Молдокулова: Кызга түз эле “мен сени сүйөм” деп айтпай башка сөздөр же мамиле менен билдирсе болот, анткени бул сөзгө кыз да даяр болбой сиз күткөндөй жооп бербеши мүмкүн.

“Билесиңби” долбооруна жаштар жана өспүрүмдөр тарабынан ар кыл суроолор келип, жалаң гана оор маселелер эмес, сезимдери тууралуу да кеп кеңештерин сурашат. Албетте өспүрүмдөрдүн мындай суроолоруна кесипкөй адистер олуттуу карап, жөн гана жооп бербестен тарбиялык жактан да багыт беришет. Жаштарга учурдун талабына жараша таалим-тарбия берүүдө алардын көңүлүнө аз да болсо сүйүүнүн учкуну кандай экени тууралуу баяндабасак, ал өспүрүм кемчиликтен арыла албайт дейт психолог Гүлмира Молдокулова.

  • Мектепте мен жактырган кыз бар, андан жаман жооп алгандан коркуп жакшы көрөрүмдү айта албай жүрөм. Кантип билдирсем болот?

Биринчи сүйүү көп учурда мектепте окуп жүргөндө башталат. Өзүң өспүрүм болсоң да сезим чыныгы жана олуттуу болот. Сүйүүнү ачык жана түз айтуу албетте кыйын. Бирок, кылган мамиле менен далилдеп алууга мүмкүн.

Мисалы сүйүүнү кантип билдирсе болот: . Кызга түз эле “мен сени сүйөм” деп айтпай башка сөздөр же мамиле менен билдирсе болот, анткени бул сөзгө кыз да даяр болбой сиз күткөндөй жооп бербеши мүмкүн.

Далилдөө үчүн өзүңдүн эркектик сапаттарыңды көргөзүп, кызды үйүнө чейин узатып, ыңгайы келсе анын сумкасын көтөрүп, башка тийишкен балдардан коруп, албетте мушташуу жолу менен эмес, ошентип ал кызга сен өзгөчө мамиле кылып жатканыңды билдиресиң. Биринчиден, ага кам көр, кыздардын көбү бул нерсени жактырышат, экинчиден, ал кыз менен сүйлөшүү учурунда ага жаккан темаларды козгоп, ички дүйнөсүн билгенге аракет кылып, анын ойлору, максаты кандай экенин бил. Үчүнчүдөн, чогуу сейилдөөгө чакырсаң болот, ага өзгөчө бир нерселерди үйрөткөнгө, көргөзгөнгө аракет жасап. Мисалы: велосипед , роллик, лыжа, коньки тепкенди үйрөтүп же зоопаркка алып барып, себиби көп учурда чогуу болгондо эки адам бири-бирине жакындашат. Анда-санда кичинекей белектерди берип турсаң болот, мисалга жөнөкөй эле талаада өскөн гүлдөн кичинекей букет кылып тартуулап, мындай мамиледен улам ал кыз сенин өзүнө болгон сезимиң бар экенин түшүнөт. Жогорудагы сунуштарды аткарып анан жакшы көрөрүңдү нейтралдуу формада билдир, мисалы: “сен мага жагасың, сени менен мага убакыт өткөргөн кызыктуу, сени көпкө көрбөй калсам бир нерсени жоготкондой болом, улам-улам эсиме келип турасың” деп. Анан албетте кыз тарапта сага болгон сезим ойгонсо, жакшы жооп аласың.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт