// //

Булар сизди таарынычтан бошотот

2018.09.12, 10:14
1965

Кимдир бирөө сизди таарынтып, басынтып, жүрөгүңүздү оорутуп койсо – анын баарын ичиңизге топтой берүүнүн кажети жок. Таарынткан адамдан алган нерселерди өзүнө кайтарып берүүгө аракет кылыңыз. Кабыл алуу, өзүңүз менен алып жүрүү  - сиздин тандоо.

Олтуруңуз, жатыңыз же өзүңүз үчүн жайлуу ыкманы тандаңыз. Бошоңдоңуз, тегиз жана жай дем алыңыз.

Бийик тоонун этегинде олтурганыңызды элестетиңиз. Ичиңизде таш же оор баштык сымал болгон таарынычты алып, акырындык менен тоого чыга баштаңыз. Алып бара жаткан жүгүңүздүн оордугун сезиңиз.

Чокуда сизге кайгы, жамандык, акарат келтирген адам турат. Аны менен көзмө-көз жолугушуңуз. “Буларды сенден алдым. Сенин сөздөрүңдөн, аракеттериңден, иштериңден - бул жүк пайда болду. Баарын кабыл алып, ичиме чоң жүк кылып чогултканым үчүн жоопкерчиликти мойнума алам. Менде кабыл албоо тандоосу бар болчу. Булар менен бир нече убакытка чейин жашадым, сабак алдым (кандай сабак алганыңызды айтыңыз), эми сага кайра кайтарып бергим келет. Сабактан алган баалуулуктарымды калтырдым, калганы мага кереги жок. Бул баштыкты сага берем" деңиз.

Сиздин жүгүңүз ал адам айткан сөздөргө, жасаган иш-аракеттерге айланып жатканын байкаңыз. Ичиңиздеги таш болгону бир элес, тиги адамга тиешеси жок , бирок сөздөрү, иш-аракеттери толугу менен ага таандык, ал дал ошолорду алат.

Артка кайтыңыз. Шашылбаңыз. Ар бир кадамдаган сайын жеңилдеп жатканыңызды элестетиңиз. Тоо этегине келиңиз. Бошонгонуңузду сезиңиз, кааласаңыз ыйлап алыңыз.

Көзүңүздү ачыңыз, учурда кайда турганыңызды караңыз. Көнүүгүнү бир нече ирет кайталаңыз.

Жеңилдешиңиз менен!

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт