Кыздар менен таанышуунун оңой жолдору

Тынчтыкбек Бакытовпсихолог

Көпчүлүк жигиттер кыздар менен кантип таанышканды билишпейт. Жанына барса сунушун четке кагып коёт деп ойлоп, жакындай алышпайт. Сага жаккан кыздын көңүлүн кантип бурдуруу керек? Кыздар менен эмнени сүйлөшсө болот? Бул тууралуу психолог Тынчтык Бакытов бир нече кеңештерди сунуштайт.

Өспүрүм курактагы жигиттерге кыз бала менен таанышуу бир топ эле кыйын. Себеби, ата-эне баласын кантип кыздар менен туура таанышуу керектигин үйрөтпөйт. Көп учурда балдар тасмадан же көчөдөн көргөнүн кылат. Тентек болсо, кыздарды түртүп өтүп, чачынан тартып таанышууга аракет жасайт. Тартынчаак бала биринчи кадам таштоого батынбай, ичинен кыялданып жүрө берет.

Кыздар менен таанышуу ыкмалары:

  1. Таанышуу жагдайын туура танда! Өзүң кыялданып жүргөн кыз менен таанышуу үчүн кырдаалды байка. Сабак учурунда же жумуш маалында сунуш киргизүүнүн зарылчылыгы жок. Кыз бош болгондо жанына бар. Бул учурда көпкө сүйлөшүүгө шарт түзүлөт, жыйынтыгы дагы жакшы болот.
  1. Өзүңө ишенимдүү бол! Көпчүлүк кыздар өзүнө ишенген жигиттерди жактырат. Тартынып, биринчи кадам таштоодон коркуп турган адам дароо эле билинет. Толкундоолоруңузду билгизбеңиз, өзүнө 100 пайыз ишенген жигит экениңизди көрсөтүңүз.
  1. Чечкиндүү болуңуз! Чечкиндүү жигиттер көп мүмкүнчүлүктөргө ээ болот. Максатыңызга жетүү үчүн план коюп, аны ишке ашырыңыз.
  1. Кыз менен эмне тууралуу сүйлөшүү керек? Каалаган темада! Болгону чын сүйлөңүз. Эгерде сизге бир кыз жагып калса, ал жөнүндө көбүрөөк билүүгө аракет жасаңыз. Кыздан биринчи кадамды күтүп олтурбай, демилгени колго алыңыз. Өзүңүздү ишенимдүү жана эркин сезиңиз. Эмнеге кызыгаарын сураңыз, мүмкүн дароо эле жалпы тема табылат. Эсиңизде болсун маектешүүдө кызды суракка алууга болбойт!
  1. Жасалма болбо! Таанышуунун көптөгөн ыкмалары бар. Бул тууралуу көлөмдүү китептер, макалалар жазылып, тренигдер өткөрүлүп келет. Эң оңою жана тез убакыттын ичинде натыйжалуу жардам бере турганы жигиттин ак-ниеттүүлүгү жана жөнөкөйлүгү. Ар бир кыз чындыкты бааларын унутпаңыз!
сапар касымбаев
10.06.2018, 23:41

менин атым сапар кыздар чалгыла 0703216726

Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Сиз робот эмес экендигиңизди тастыктаңыз
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
  • сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
  • суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
  • кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
  • дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
  • КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
  • жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
  • жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
  • адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
  • бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
  • ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
  • суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт