AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Жетекчим эмне үчүн аялымды карап

Жетекчим эмне үчүн аялымды карап, анан мени жумушка алганын айтты

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет бир окурмандын катын жарыялайбыз. Эгер сизде дагы кызыктуу баян бар болсо, бизге жөнөтүңүз.

— Түшүнбөдүм? 

— Эртең келинчегиң менен кел. Анан жумушка аламбы же жокпу айтам.

Сыртка чыктым. Улгайып деле калыптыр. Жашына жараша жөн жүрбөйбү. Ичимден сөгүнүп бараттым. Эмнеге ага келинчегимди көргөзүшүм керек? Жаман оюу бар го. 

Келинчегим менин. Жаркылдап күлүп жүрүшү үчун баарын жасайм го. Берекем менин. Атам (кайын атам) мага табыштап берген.

— Уулум, кызымдын көз жашын көрсөм, мен өзүмдү жоготуп коем, түшүндүң да?

— Мага ишениңиз ата.

— Ишенем уулум.

Төрт балалуу болдук. Келинчегиме болгон сезимдерим өзгөргөн жок. Ортобуздагы сый, ишеним сүйүүбүздү багып келет. Жумуштан үйгө шашам. Төртөө апасын жүдөтүп жатканын элестетип жөн отура албайм. Көкүрөк күчүгүмдү коляскага салып, калгандарын жетелеп алып дүкөнгө чыкмайын  могу жүрөк тынчыбайт. Аз да болсо апасы уктап алсын деген аракетим.

Жумуш жок кыйналып кеттим. Барбаган жерим калбады. Чогулткан акчаларым түгөнүп баратат. Балдарыма, келинчегиме жакшы турмуш куруп бере албайм каламбы деп уктай албайм чыгам. 

— Эмне маанайың жок? Бир жериң ооруп жатабы?

— Рахмат алтыным, баары жакшы.

— Жок, сен капа болуп отурасың. 

Жетекчимдин эртең экөөбүздү келсин дегенин айттым. Аялым көпкө ойлонду. Акырын келип мени кучактады.

— Шеф бүгүн сизди кабыл алалбайт.

— Бүгүн кел дебеди беле. 

— Эртең жумушка чыга бериңиз. Мына приказ.

— Эмне?

Аялым экөөбүз барганбыз. Мени менен сүйлөшпөй туруп эле жумушка кабыл алганы кандай? Тамашабы? Эмнеге экөобүздү келгиле деди?

Эртеси жумушка чыктым. Айлыгы кыйла жакшы, шарттары дагы сонун, үй-бүлөмө көбүрөөк убакыт бөлөм дегендей. Шеф алдыман чыгып калды. 

— Азамат, жигит экенсиң. Кечээ келинчегиң экөөңдү жетелешип келатканыңды көрдүм. Мен силердин сүйүүгө ишендим. Эркектин кандай экенин билгиң келсе, жубайын бир кара дегенди уктуң беле. Менин компанияма дал сендей азамат жигиттер керек. Жакшы иштеп кетериңе ишенем.

— Агай, мени кечирип коюңуз.

— Эмне үчүн?

— Жаман ойлорум үчүн?

— А балам, баары ошентип ойлойт, тур иште. 

Каткырган бойдон басып кетти. 

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Атамдын ашында мал сойгон эмесмин, эми түшүмө кирип жатат. Эмне кылсам болот?

Бөлмөмө кирсем кайын энем себимди санап жатыптыр

Тико эмес Лексус алам десем, ата-энем көздөрүнөн жаш аккыча күлүшчү

Кыз төрөй бересиң деп таштап кеткен күйөөм таанылгыс болуп калыптыр

Кембагалдын кызы деп чанган келинимен кечирим сурайм

Тайкемдин жаназасында аялы менен уулдары эмес, ити ыйлады

Белгилер: Окурман баяны
SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Баладагы агрессиянын себептери жана маселени чечүү жолдору

Баладагы агрессиянын себептери жана маселени чечүү жолдору

17 ноября, 2025
3.3k

Бала чыр салып, бир туугандары менен урушуп, досун сабап же күтүлбөгөн жерден классташын кордоп баштадыбы? Демек, анда агрессия жана жүрүм-турум менен байланышкан көйгөйлөр бар. Ата-энелер жана адистер тез...

Өспүрүм депрессияга туш болгонун кантип таанып жана жардам берсе болот?

Өспүрүм депрессияга туш болгонун кантип таанып жана жардам берсе болот?

17 ноября, 2025
3.3k

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (ДСУ) адистери белгилегендей, өспүрүм курак - инсандын калыптанышын аныктоочу мезгил болуп саналат. Бул мезгилде бала ар кандай психикалык бузулууларга, анын ичинде депрессияга кабылат....

Каржылык сабаттуулук. Ата-энелер өспүрүмдөргө эмнени үйрөтүшү керек

Каржылык сабаттуулук. Ата-энелер өспүрүмдөргө эмнени үйрөтүшү керек

17 ноября, 2025
3.3k

Өспүрүм бул маанилүү сабакты жеке тажрыйбасынан негизинде үйрөнө алат. Кеп финансылык сабаттуулук жана акчаны башкаруу жөндөмүнө тууралуу болууда. Ата-эненин милдети - балдарына акчага туура мамиле кылуунун негизги эрежелерин...

Канткенде ата-энелер кадырын түшүрбөй баланын коммуникациялык жөндөмүн арттырат

Канткенде ата-энелер кадырын түшүрбөй баланын коммуникациялык жөндөмүн арттырат

17 ноября, 2025
3.2k

Коммуникация - адамдын жашоосунун бардык тармактарынын негизи болуп саналат. Заманбап дүйнөдө "коммуникация" түшүнүгү ар кандай чечмеленет, бирок акыр-аягы барып бул адамдардын ортосундагы маалымат алмашуу процесси экенине алып келет. Психолог Елена...

Кийинки макала
Жыныс кыны балык жыттанса эмне болот? Гинекологдордон баалуу кеңеш

Жыныс кыны балык жыттанса эмне болот? Гинекологдордон баалуу кеңеш

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.