AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Күйөөм менен кошулганда оорутат. Эмне кылсам болот? Сексолог айтып берет

Күйөөм менен кошулганда оорутат. Эмне кылсам болот? Сексолог айтып берет

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
586
БӨЛҮШТҮ
3.3k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Күйөөм менен кошулганда, асты жагым оорутат. Эмне үчүн андай болуп жатат? Эмне кылышым керек?

Сексолог Наталья Ивахник бул суроолорго жооп берди.

Секс учурунда аял кишинин жыныс кынынын оорутканын медицина тилинде – диспареуния деп коюшат.

Диспареуния – бул жыныстык катнаш учурунда жана андан кийин аялда пайда болгон ооруксунуу. Статистикага ылайык дүйнө жүзүндө 8-21%га чейин аялдар жыныстык катнаш учурунда ооруксунууну сезишет.

Аялымды төшөккө чакырсам кабагы бүркөлөт. Айласы кеткен эркектердин баяны

Жагымсыз жана дискомфортту сексуалдык контакт күнүмдүк жашоонун социалдык, психологиялык жана медициналык аспектилерине терс таасирин тийгизет.

Тетирисинче да болушу мүмкүн, үй-бүлөдөгү уруш-талаш, мамиледеги кризис, таарынычтар, түшүнбөстүктөр секстин сапатын кыйла төмөндөтөт.

Диспареуния сөзүн грек тилинен которгондо “бири-бирине дал келишпеген өнөктөштөр” дегенди билдирет.

Анын себептери түрдүү. Медициналык себептери төмөнкүлөр:

  • гинекологиялык оорулар;
  • анатомиялык паталогиялар;
  • эркектин жыныс мүчөсүнүн аялдын кынына дал келбестиги.

Психологиялык себептери:

  • жыныстык катнаштан коркуу;
  • биринчи кошулуусу эсинде ооруксунуу жана жагымсыз нерсе катары калып калган;
  • бала кезинде физикалык, психикалык же сексуалдык зордуктоого туш болгон;
  • өзүнө-өзү жакпайт, денесин, мүчөсүн кабыл албайт.
  • өнөктөштөрдүн мамилесинде кандайдыр бир көйгөйлөр, түшүнбөстүктөр бар.
Төшөктөгү муздак айымдар. Сексолог айтып берет

Эмне жардам бериши мүмкүн?

  • Кошулганга чейин бири-бириңерди эркелетип, кучактап, өпкүлөгөнгө көбүрөөк көңүл бургула. Башкача айтканда секс алдындагы прелюдия сөзсүз болушу керек.
  • Денеңерди бош коюп, текши дем алгыла.
  • Эгер аялдын жыныс кыны жетишээрлик деңгээлде суюктук бөлүп чыгарбаса, атайын гель, кремдерди колдонуп көргүлө.
  • Эксперимент жасап, бир нече позаны колдонуп көргүлө, эң ыңгайлуусун тандап алгыла.
  • Аялдар да, эркектер да Кегель көнүгүүлөрүн жасап көргүлө. Бул гимнастика булчуңдарды машыктырып, өз эрки менен чымыркантып кайра бош койгонго үйрөтөт.

Сексолог Наталья Ивахник менен инстаграмдагы @pro0kosmos баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.

Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.

Кегель көнүгүүлөрү:

Жыныс кынын кууш кылып, оргазм алууга жардам берген 5 Кегель көнугүүсү

Кегель көнүгүүлөру 40% эркектердин эрекциясын нормага келтирет. 6 көнүгүү

SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

12 ноября, 2024
3.4k

31-октябрда бүткүл дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда да Дүйнөлүк каражат топтоо күнү белгиленет. Бүткүл дүйнөлүк каражат топтоо күнүн белгилөө тарыхына быйыл 100 жыл толду. Бул күнүнүн максаты – калктын...

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

17 ноября, 2025
3.3k

Мектептеги буллинг өспүрүмдөр арасындагы зордук-зомбулуктун эң кеңири тараган түрлөрүнүн бири. "Мектеп курагындагы балдардын ден соолук жүрүм-туруму" изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстанда сурамжылоого алынган мектеп окуучуларынын 31,8% буллингге кабылган, ал эми...

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

17 ноября, 2025
3.3k

Буллинг балдар жана өспүрүмдөрдүн жашоосунда кездешчү нерсе. Анын бар болушу чоңдордун бул көйгөйдү толук чечүүгө кудуретсиз экенин көрсөтөт. Маселени чечүү жолу - баланын толук кандуу болуп өнүгүшүн камсыздай...

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

17 ноября, 2025
3.3k

Позитивдүү маскулиндик коомдогу туруктуу жана дени сак эркектин ролдорунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, эркек болуу эмнени билдирет деген тар жана терс ойлорду жок кылууга үндөйт. Психолог, гендер боюнча эксперт...

Кийинки макала
Эки бала менен кайда барам? Айтканыңды аткарам

Эки бала менен кайда барам? Айтканыңды аткарам, бирок мени кууба, деп жалдырадым

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.