AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Кечинде апам айткан нерсени жасап отуруп

Кечинде апам айткан нерсени жасап отуруп, кыялымдагы күйөөгө жолуктум

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Bilesinbi.kg  сайтына рахмат. Көп кызыктуу, сабак алчу окуяларды окуйм. Мен дагы сүйүү баяным менен бөлүшүүнү чечтим. Чыгарбасаңар деле ыраазымын. Анткени, жазып жатып кайра башымдан өткөндөй болду.

Мектепти, андан кийин колледжди ийгиликтүү аяктап, кесибим боюнча жакшы жумушта иштеп жатам. Ата-энем, бир туугандарым сонун адамдар, ар дайым мени колдоп турушат. 

Группалаш кызымдын тоюнда отургам. Апам бир жигиттин сүрөтүн көрсөтүп, менин номеримди сурап жатканын айтты. Дароо баш тарттым.  Унутуп деле калгам, көп өтпөй ал жигит тууралуу таежем айтып калды. «Макул, жакпаса кара тизмеге салып коем» деген ой менен макул болдум. 

Жумушумдан чыгып жатканда бир номер чалды. Үй-бүлөсү, өзү тууралуу айтып жатып, дароо эле «2021-жылы жазда үйлөнөбүз, анан шаарга кетебиз»,-деди. Жигиттим барбы же жокбу сурабаганы таң калтырды. Сылык болбойбу деп ачуум келди. Бирок сыр билгизген жокмун. Күндө чалып акыбалымды сурайт. Көп өтпөй жумушума гүлдесте менен мамалак жөнөттү. 

Көрсө, ал мени сүрөттөн көрүп жактырып калыптыр. «Өзү макул болбойт го»,- деп, жеңеси аркылуу номеримди сураптыр. 

Бир нерсе болсо мени менен кеңешет, оюмду сурайт, келечектеги пландарын айтат, кайра меникин сурайт. 

Айылыма келерин айтты. Кыштын суук айларында жолуктук. Үйдөн чыгып баратып, «азыр жакпаса, болду, шылтоо айтып сүйлөшпөйм»,-дедим. Көчөнүн башында машина турат. Ичинен гүл менен шоколад кармаган жигит түштү. Кудум кинодой. Эмнегедир эски тааанышымдай сезилди. Киного бардык, кафеге кирдик. Мени кайра үйгө таштап, өзү шаарга жөнөп кетти. 

Күндөр өтө берди. Бири-бирибизди жакындан билип, сезимдерибиз ойгонду. Бир күнү апам экөөбүз шаарга бара турган болдук. Ошондо өзү тосуп алып, жете турган жерибизге жеткирип койду.

Апамды эбак эле «апа»деп алган. Уялбай акыбалын сурап, ресторанга тамактандырууга чакырды. Кирип барсак, анын туугандары күтүп жатыптыр. Эки тарап таанышты.

Бир маалда көзүмдү жаап, мени кайдадыр ээрчитип жөнөдү. «Көзүңдү ач!». Ачсам роза гүлдөн жүрөк жасап, мени ортосуна тургузуп, «өмүрлүк жарым болууга макулсуңбу»,-деди. Башымды ийкедим. 

Ата-энелерибиз жолугуп той күнүн белгилешти. Кызыгы, ал менин ата-энеме жардам берип, шаардан айылга керектүү нерселерибизди ташышып жүрдү. Сабырдуулугун айткыла, эч милдет кылган жок. 

«Биринчи сүрөтүңдү көргөндө, көзүмө жылуу учурадың. Ошондо мен күткөн сүйүүм экениңди билдим»,-деп айтат. 

Менден эки жаш улуу болсо дагы, орду менен сүйлөгөн, максаты бар, оор басырыктуу жигит. Кээде жолдошубуз улуу болсо сыйлайт деп ойлойбуз, жок, адашат экенбиз. Сыйлап кете турган жашынан болбойт экен. Чындап сүйгөн адам сенин күлкүң үчүн баарына даяр болот экен. 

Кичинемде апам «уктар алдында тилек айтып жатсаң ишке ашат»,-дейт эле. Келечекте мени сүйгөн, сыйлаган, оюмду баалаган инсанга турмушка чыгам деп айтчумун. Тилегим кабыл болду. 

Жакында той. Жумушумдан шаарга которулам. Сөзсүз максаттарымды ишке ашырам. Артымда мени колдоп, сүйгөн адамым бар. Мен бактылуумун!

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Атамдын ашында мал сойгон эмесмин, эми түшүмө кирип жатат. Эмне кылсам болот?

Бөлмөмө кирсем кайын энем себимди санап жатыптыр

Тико эмес Лексус алам десем, ата-энем көздөрүнөн жаш аккыча күлүшчү

Кыз төрөй бересиң деп таштап кеткен күйөөм таанылгыс болуп калыптыр

Кембагалдын кызы деп чанган келинимен кечирим сурайм

Тайкемдин жаназасында аялы менен уулдары эмес, ити ыйлады

Белгилер: Окурман баяны
SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Баладагы агрессиянын себептери жана маселени чечүү жолдору

Баладагы агрессиянын себептери жана маселени чечүү жолдору

17 ноября, 2025
3.3k

Бала чыр салып, бир туугандары менен урушуп, досун сабап же күтүлбөгөн жерден классташын кордоп баштадыбы? Демек, анда агрессия жана жүрүм-турум менен байланышкан көйгөйлөр бар. Ата-энелер жана адистер тез...

Өспүрүм депрессияга туш болгонун кантип таанып жана жардам берсе болот?

Өспүрүм депрессияга туш болгонун кантип таанып жана жардам берсе болот?

17 ноября, 2025
3.3k

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (ДСУ) адистери белгилегендей, өспүрүм курак - инсандын калыптанышын аныктоочу мезгил болуп саналат. Бул мезгилде бала ар кандай психикалык бузулууларга, анын ичинде депрессияга кабылат....

Каржылык сабаттуулук. Ата-энелер өспүрүмдөргө эмнени үйрөтүшү керек

Каржылык сабаттуулук. Ата-энелер өспүрүмдөргө эмнени үйрөтүшү керек

17 ноября, 2025
3.3k

Өспүрүм бул маанилүү сабакты жеке тажрыйбасынан негизинде үйрөнө алат. Кеп финансылык сабаттуулук жана акчаны башкаруу жөндөмүнө тууралуу болууда. Ата-эненин милдети - балдарына акчага туура мамиле кылуунун негизги эрежелерин...

Өспүрүм курактагы кош бойлуулук: тобокелдиктер жана алдын алуу жолдору

Өспүрүм курактагы кош бойлуулук: тобокелдиктер жана алдын алуу жолдору

17 ноября, 2025
3.3k

Адистердин айтымында, акыркы он жылда "сексуалдык дебюттун" жашы төмөндөгөн. "TEENS аймагы" нускамасынын түзүүчүлөрү өспүрүмдөрдө сексуалдык жактан активдүү болууга жөндөмдүүлүк жана каалоо, психологиялык жана социалдык жактан жетилүүгө караганда эртерээк...

Кийинки макала
Бул көнүгүүлөрдү жасасаңыз аркаңыз оорубай калат

Бул көнүгүүлөрдү жасасаңыз аркаңыз оорубай калат

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.