AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Кайын энемдин кылык-жоругун эстесем көзүмө жаш келет

Кайын энемдин кылык-жоругун эстесем көзүмө жаш келет

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет бир айымдын катын жарыялайбыз. Эгер сизде дагы кызыктуу баян бар болсо, бизге жөнөтүңүз.

Учурда үч баланын энесимин. Айылда турабыз, жашообуз эл катары өтүп жатат. 

Жолдошум менен «одноклассники» сайты аркылуу таанышкам. Бир жыл сүйлөшүп, жылдызыбыз келишкен соң баш кошконбуз.  Кайын энем менен таанышканда «Курманжан Датка» деген киного барганбыз. Абдан шайыр айым экен. Бат эле тил табышып, сүйлөшүп кеткенбиз. 

Апам менен чогу 8 жыл жашадык. Ал күндөрдү, кайын энемдин кылык-жоругун эстесем көзүмө жаш келет. 

Келин болуп келгенде кайын энелик кылып кыр көрсөткөн жок. «Апа билбейм» десем акырын айтып түшүндүрөт. Бир жолу кой союп, ичеги-карын тазалаш керек болуп калды. «Мен ичеги-карын артып көргөн эмесмин» дедим. Ичимен жаман көрүп калды го деп кыжалат болдум. Бирок апам «келин болуп келип баары эле кыйраткан эмес. Акырындык менен үйрөнүп кетесиң» деди. Ыраазы болгом.

Апам 3 эркек баласын жалгыз тарбиялап өстүрүптүр. Балдарына татыктуу тарбия берген десем да жаңылышпайм. Кайын агам ак көңүл, боорукер, тамашакөй адам. Кайним болсо абдан шайыр анан шашма. Жолдошум ортоңку баласы. Ага карабай өз колуна бизди алып калган. 

Апам менен тамашалашып көп ойнодук. Кышында апам экөөбүз муз тээп балдар менен кошо ойночук. Кишилер өтүп бара жатса бала ойнотуп жаткан киши болуп туруп калат элек. Тамашалашып сүйлөшчү дагы темабыз көп болчу.

Бир күнү апамды тамашага салайын дедим. Кино көрүп жаткан, акырын кирип токтун (провод) ачык жерин кармап «апааа» деп калчылдап бакырдым. Отурган жеринен тура калып жаныма келди да, «ай-ай-аай» деп бакырып туруп калды. Чыдабай кетип күлүп жибердим. «Эк кыз болгонундан сенин, ушинтип кантип ойносун» деп урушуп калды. Мен болсо «бул качан кулап түшөт, деп күтүп жаттыңыз ээ» десем, «жок балам, эмне кылышты билбей калдым. Аябай коркуп кеттим» деди. 

Апамдын эрке келини болдум. Апам мага тамак жасаганды, төшөк көктөгөндү үйрөттү. Балдарымды төрөгөнүм эле болбосо, апам багып чоңойтту. Апамдын достору мени «эрке келин» дешчү.

Пенсиясын алган күнү мага майрам болчу. Бир жолу чогу пенсиясын алганы бардык. Сүрөткө түштүк. Кафеге алып кирди. Үйгө абдан көңүлдүү кайтып келгенбиз. 

Жолдошум менен уруша кетсем мага болушчу. Чайымды берген, мени баккан ушул келиним дечу. Апамды кучактап өөп алсам, жаш баладай сүйүнүп калчу.  Күйөөм экөөбүз ойногондо мен утулуп бара жатсам мага болушуп утуп кетчүбүз. 

Ооруп жатып бизге байпак салган. Апам шаарга барганда, пенсиясын алганда ар дайым байпак көтөрүп келчү. Биз айылда, апам оорусуна байланыштуу шаарда болуп калды. Төшөктө ооруп жатса да мага, балдарыма, күйөөмө Дордой базарынан байпак алдыртыптыр. Бир туугандары өзүң ооруп жатып кайдагы байпактарды алдыртасың десе, «мени ооруп жатат деп алар жылаңаяк жүрмөк беле? Жанагы Дикунун (Атым Дилбара, Дику деп эркелетчү) жаны тынбайт, буту үшүп калбасын» деп түрлөп байпак алдыртыптыр.

Апам 62 жаш курагында рак оорусунан улам көз жумду. Баарыбыз үчүн катуу сокку болду. Өлөөр алдында «сага ыраазымын» деп колумду бекем кысканын такыр унутпайм. Эсимде шайыр жана мыкты кайын эне боюнча калды. Апамдын кылык-жоругун эстеп, сагынып бир ыйлап алдым. 

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Атамдын ашында мал сойгон эмесмин, эми түшүмө кирип жатат. Эмне кылсам болот?

Бөлмөмө кирсем кайын энем себимди санап жатыптыр

Тико эмес Лексус алам десем, ата-энем көздөрүнөн жаш аккыча күлүшчү

Кыз төрөй бересиң деп таштап кеткен күйөөм таанылгыс болуп калыптыр

Кембагалдын кызы деп чанган келинимен кечирим сурайм

Тайкемдин жаназасында аялы менен уулдары эмес, ити ыйлады

 

 

Белгилер: Окурман баяны
SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

12 ноября, 2024
3.3k

31-октябрда бүткүл дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда да Дүйнөлүк каражат топтоо күнү белгиленет. Бүткүл дүйнөлүк каражат топтоо күнүн белгилөө тарыхына быйыл 100 жыл толду. Бул күнүнүн максаты – калктын...

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

17 ноября, 2025
3.3k

Мектептеги буллинг өспүрүмдөр арасындагы зордук-зомбулуктун эң кеңири тараган түрлөрүнүн бири. "Мектеп курагындагы балдардын ден соолук жүрүм-туруму" изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстанда сурамжылоого алынган мектеп окуучуларынын 31,8% буллингге кабылган, ал эми...

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

17 ноября, 2025
3.3k

Буллинг балдар жана өспүрүмдөрдүн жашоосунда кездешчү нерсе. Анын бар болушу чоңдордун бул көйгөйдү толук чечүүгө кудуретсиз экенин көрсөтөт. Маселени чечүү жолу - баланын толук кандуу болуп өнүгүшүн камсыздай...

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

17 ноября, 2025
3.3k

Позитивдүү маскулиндик коомдогу туруктуу жана дени сак эркектин ролдорунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, эркек болуу эмнени билдирет деген тар жана терс ойлорду жок кылууга үндөйт. Психолог, гендер боюнча эксперт...

Кийинки макала
Бир көзүм жакшы көрбөйт. Аскер өтөөгө алып кетип калышпайбы?

Бир көзүм жакшы көрбөйт. Аскер өтөөгө алып кетип калышпайбы?

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.