AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Кайын энем эмнеге кыска юбка киерин айтып таңкалтырды

Кайын энем эмнеге кыска юбка киерин айтып таңкалтырды

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет бир окурмандын катын жарыялайбыз. Эгер сизде дагы кызыктуу баян бар болсо, бизге жөнөтүңүз.

— Бул сенин кайын энең болот кызым.

— Ыя?

Жаңы келин болуп барган күнүм. Кошуна аялдар мени жетелеп үйгө алып жөнөштү. Анан кыска юбка кийген, чачты жасаган, каш-кирпикти боегон жаш бир эжени кайын энем деп тааныштырышты. Башында ишенбедим. Кантип алтыны төрөгөн аял, анын үстүнө жетимиштеги аял ушундай болсун дедим. Жүгүнүп жатып баары бир тамаша дедим. Бирок, кайын энем эле болуп чыкты.

Эсимде бир жолу кырктардан өтүп калган улуу кайын агам үйгө келди. Башына илгерки тумакты баса кийип, шымынын куру курсагынан үстүндө, илгерки чакмак көйнөк кийип алыптыр. Мага аябай кары көрүндү. Дубленкасы дагы илгерки (кечирип койгула). Анын жанында апасы жапжаш. Анан кайын энемден көргүлүктү көрдү.

Кайын энем ушундай урушту (күлүп). Тумагын алып, башына илгичте турган кайын атамдын кепкесын кийгизип, күзгүгө сүйрөп жөнөдү. «Мына, жашара түштүң. Эртеңден баштап могу кийимдериңди көрбөйүн. Жакшынакай кийинип жүргүн. Эртең барып текшерем!» 

Мен ашып кетсе бир жума жоолук салындым. Кайын энем салынбай эле кой деди. 

— Апа, бир нерсе сурасам болобу?

— Кыска юбкаларымды бербейм.

— Кантип билдиңиз, кеп ошо жөнүндө болорун.

— Кызым, эч качан карыганга шашпа. Карыдым деп, жаман чүпөрөктөрдү кийбе. Адам өзүн-өзү карытат. Бул жерде жаштын эч кандай тиешеси жок. Жасанып жүр. Жашынакай кийин. Эл айта берет. Жашоо бир келет. Сулуулан. Жырга. Күл. Бийле. Ырда. Даамдуу тамак же. Эртең эле кара топурак астында чирийбиз. Азыр мода деген бар, сонун киймдерди тапсаң болот. «Болду карыдым» деген сөз бул алсыздардын сөзү. Жаша! Уктуңбу? Жүр чай ичели. 

Кайын энеме суктанам. Бирөө менен иши жок. Бир дагы жолу ушакташып отурганын көрбөдүм. Ар дайым жасанып, кыска юбкасын башын көтөрүп кийип жүрөт. Кайын энем курактагы таежелерим бар. Аттиң, алар өздөрүн өздөрү карытып коюшкан. 

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Атамдын ашында мал сойгон эмесмин, эми түшүмө кирип жатат. Эмне кылсам болот?

Бөлмөмө кирсем кайын энем себимди санап жатыптыр

Тико эмес Лексус алам десем, ата-энем көздөрүнөн жаш аккыча күлүшчү

Кыз төрөй бересиң деп таштап кеткен күйөөм таанылгыс болуп калыптыр

Кембагалдын кызы деп чанган келинимен кечирим сурайм

Тайкемдин жаназасында аялы менен уулдары эмес, ити ыйлады

Белгилер: Окурман баяны
SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Баладагы агрессиянын себептери жана маселени чечүү жолдору

Баладагы агрессиянын себептери жана маселени чечүү жолдору

17 ноября, 2025
3.3k

Бала чыр салып, бир туугандары менен урушуп, досун сабап же күтүлбөгөн жерден классташын кордоп баштадыбы? Демек, анда агрессия жана жүрүм-турум менен байланышкан көйгөйлөр бар. Ата-энелер жана адистер тез...

Өспүрүм депрессияга туш болгонун кантип таанып жана жардам берсе болот?

Өспүрүм депрессияга туш болгонун кантип таанып жана жардам берсе болот?

17 ноября, 2025
3.3k

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (ДСУ) адистери белгилегендей, өспүрүм курак - инсандын калыптанышын аныктоочу мезгил болуп саналат. Бул мезгилде бала ар кандай психикалык бузулууларга, анын ичинде депрессияга кабылат....

Каржылык сабаттуулук. Ата-энелер өспүрүмдөргө эмнени үйрөтүшү керек

Каржылык сабаттуулук. Ата-энелер өспүрүмдөргө эмнени үйрөтүшү керек

17 ноября, 2025
3.3k

Өспүрүм бул маанилүү сабакты жеке тажрыйбасынан негизинде үйрөнө алат. Кеп финансылык сабаттуулук жана акчаны башкаруу жөндөмүнө тууралуу болууда. Ата-эненин милдети - балдарына акчага туура мамиле кылуунун негизги эрежелерин...

Канткенде ата-энелер кадырын түшүрбөй баланын коммуникациялык жөндөмүн арттырат

Канткенде ата-энелер кадырын түшүрбөй баланын коммуникациялык жөндөмүн арттырат

17 ноября, 2025
3.2k

Коммуникация - адамдын жашоосунун бардык тармактарынын негизи болуп саналат. Заманбап дүйнөдө "коммуникация" түшүнүгү ар кандай чечмеленет, бирок акыр-аягы барып бул адамдардын ортосундагы маалымат алмашуу процесси экенине алып келет. Психолог Елена...

Кийинки макала
Карызын алалбай жүргөндөр үчүн сонун маалымат

Карызын алалбай жүргөндөр үчүн сонун маалымат

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.