AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Кайын энем бир туруп бутум

Кайын энем бир туруп бутум, бир туруп башым дей берип тажатты

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 2 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Bilesinbi.kg жаштар долбоору ар бир келген суроолордун анонимдүүлүгүн сактап, тиешелүү адистерден бекер жооп алып берип келет.

Редакциябызга келип түшкөн бул келиндин катында кайын энесинин обу жок кылыктары жөнүндө айтылат. Эскертүү: каармандардын аты өзгөртүлдү.

Динара: дааратканага барсам, “кайда бардың” дейт

Турмушка чыкканыма беш жылдын жүзү болуп калды. Эки баланын энесимин. Күйөөм менден алты жаш улуу. Шаарда бир бөлмөлүү батирде турабыз. Өзүбүздүн үйүбүз жок. Мен жогорку билимдүүмүн. Бирок, азырынча иштебейм, балдарды карап үйдөмүн.

Кайын энемдин кылыктары кокомо жетти. Кудайдын куттуу күнү, оорудум эле дей берет. Келиндерин жумшаганды ушунчалык жакшы көрөт. Кайын атама боорум ооруйт. Басып-турган сайын аны тилдейт. Кайын атам өзү ичпейт, чекпейт. Ошондо да жакпайт, “атаңар ушундай”,-деп бизге жамандай берет.

Күйөөмө эмне жок десеңер. Апасына кошулуп алып атасын жемелейт. Болбогон бир майда-чүйдө нерсе үчүн эки саат уруш. Бир тынч отуруп тамактанган күнүбүз болгон эмес. Дагы жакшы биз өзүнчө турабыз. Кичүү келин байкуш жадаганын айтат.

Кайын энем обужоктоно берет. Бир туруп башы, бир туруп буту ооруп калат. Мындай күндөрдө үйдө тынчтык жок. Ооруду, деп аяп коеюн десең, ооруган адамдай эмес, керээли-кечке коңурук тартып уктайт.

Баарын көзөмөлдөп турат. Дааратканага барсам, “кайда бардың” дейт, телефонума бирөө чалса да, «ким экен?», «эмне деди?», — деп сурай берет.

Кайын агам менен кайын иним аялдарын коргоп сөз тийгизбейт. Меники болсо, апасынын сөзүнөн чыкпайт. Мен туура айтып жатканымды билип турса да, “жок апамдыкы туура” — дегенде күйүп кетесиң. Унчукпай кутулам.

Неберелерине эч нерсе алып бербейт. Ата-энем балдарыма кийим-кече сатып берсе, “анча эмес экен”, — деп мурдун чүйрүт.

“Үй алгыла, иштегиле” деп кеңеш бербейт. Тескерисинче «шашпагыла, аласыңар да убагы келгенде» — дей берет. Шаарда турсак да телефон аркылуу жашообузду тескеп турат. Кээде айттырбай үйүбүзгө неберелерин ээрчитип келип алат. Бир бөлмөлүү үйдө тыгылып 15 күн жашайт. Келбесин дебейм, бирок мынча күнгө эмес да!

Мен жолдошумду аяп, өзүмө же балдарыма бир нерсе алып бер деп кыйнабайм. Кайын энем андай эмес, пенсиясы жетип турса да, бизден акча сурайт. Интернеттен көйнөк буйрутма кылганды үйрөнүп алыптыр. Бизге чалып, “акчасын берип, алып койгула”,- дейт. Кыскасы бирөөнүн эсебинен жашаганды жакшы көрөт.

Алдында турган пультту алыш үчүн келиндерин эшиктен чакыртат. Үйүндө келини жүрсө деле, “оорудум” деп мени чакыра берет. Балдарым менен алыс жолго чыккандан заарканып, жүдөп-какап араң жетип барсам, “эми эле жакшы болуп калбадымбы”,-деп жакшынакай эле отурган болот.

Ушул беш жыл ичинде бир катуу айтып сүйлөгөн жокмун.

Кайын энем уулдарын өтө кызганат. Окуткан да эмес. Баары кара жумушта иштейт. Кичинесинен “айлыктарыңарды мага бересиңер”, — деп үйрөткөн экен.

Келиндери же балдары ооруп калса иши жок. Өтө мерез адам. Бул кылыктарынан аябай тажадым. Жолдошума айтсам, кайра апасына болушат.  Эмне кылсам болот?

Адис эмне дейт

Эльвира Чокоева, психолог

Кутмандуу күнүңүз менен!

Жөнөткөн катыңыздын узундугуна караганда, сабырыңыз түгөнгөндөй. Кеп башкада болуп турса да, кайын энеңизди өзгөрткүңүз келгендей сезим жаралууда. Аны өзгөртүүнүн кереги жок. Күйөөңүз коргоочунун ролун аткарып, сизди жактабайт экен. Ошондуктан, кайын энеңизден өзүңүз коргонууга мажбур болуп жатасыз. Жолдошуңуздун башка бир туугандары кандайдыр бир жолдор менен аялдарын коргогону үчүн, кайын энеңиз ал келиндериинин башына, сиздикиндей болуп чыгып алган эмес. 

Сиздин негизги максат —  күйөөңүз менен сүйлөшүп, сиз тарапта болушун айтыңыз. Болбосо, жолдошуңуз кайын энеңиз менен өзүнчө, сиз балдарыңыз менен өзүнчө бир үй-бүлө болуп калгандайсыңар. Үй-бүлөнүн мындай модели узак убакыт жашай албайт. 

Дагы бир нерсе — бул сиздин жеке чек араңыз. Кайын энеңиздин аша чаап баратканын сезсеңиз, «кеңешиңизге рахмат, бирок бул менин жеке ишим» — деп коюңуз, бүттү. Актанып, ким менен сүйлөшкөнүңүздү, эмне дегенинизди, дааратканага барганыңыздан өйдө отчет берүүгө милдеттүү эмессиз. Сиз унчукпаган үчүн жеке жашооңузга кийлигишсе болот экен леген ойдо жүрөт. Эмитеден чектөо койбосоңуз, аягы жакшы болуп бүтпөйт. Бул нерсеге уруксат бересизби же жокпу, баары сизден көз каранды. 

Жакшы келин — кул эмес. Жакшы келин — башкаларга, биринчи кезекте өзүнө сый мамиле кылган адам болуп саналат! 

Психолог Эльвира Чокоева менен Instagram аркылуу байланышсаңыз болот. @elvira_psiholog 

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Эмне үчүн аялдар өздөрүнүн кызыкчылыктарын курмандыкка чалат? Анын терс жактары

Өзүн-өзү сыйлаган аялдын 13 белгиси

Кайын энем “баламды адам кылдың” деп менден кечирим сурады

Кайын энем “эмнеге келиниме өтүк алып берген жоксуң” деп күйөөмдү урушту

Келиним үйдөн сөз ташып жүргөнүн ата-энем билбейт

Апам байкемдин жуурканын мага ченеп тикти эле, андан биринчи үйлөнүп калдым

Бир күйөөдөн чыкканымды билсе эле эркектердин оюу бузулат

Той өткөргөн кошунам 125 литр шорпосун көчөгө төгүп коюптур

“Казаныңдын карасы кантет” дегеним үчүн келинимден кечирим сурадым

Апамды жамандасам, чоң энем «биздин каныбыз» деп бетимден өпчү

Башкалардын аялына суктанып жүрүп, чүрөктөй келинчегимден ажырадым

Атам апамдын тузу өткөн тамагын мактап жейт

Уулду болгум келип кыздарыма жакшынакай ат койбогонум үчүн өкүнөм

SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

12 ноября, 2024
3.3k

31-октябрда бүткүл дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда да Дүйнөлүк каражат топтоо күнү белгиленет. Бүткүл дүйнөлүк каражат топтоо күнүн белгилөө тарыхына быйыл 100 жыл толду. Бул күнүнүн максаты – калктын...

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

17 ноября, 2025
3.3k

Мектептеги буллинг өспүрүмдөр арасындагы зордук-зомбулуктун эң кеңири тараган түрлөрүнүн бири. "Мектеп курагындагы балдардын ден соолук жүрүм-туруму" изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстанда сурамжылоого алынган мектеп окуучуларынын 31,8% буллингге кабылган, ал эми...

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

17 ноября, 2025
3.3k

Буллинг балдар жана өспүрүмдөрдүн жашоосунда кездешчү нерсе. Анын бар болушу чоңдордун бул көйгөйдү толук чечүүгө кудуретсиз экенин көрсөтөт. Маселени чечүү жолу - баланын толук кандуу болуп өнүгүшүн камсыздай...

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

17 ноября, 2025
3.3k

Позитивдүү маскулиндик коомдогу туруктуу жана дени сак эркектин ролдорунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, эркек болуу эмнени билдирет деген тар жана терс ойлорду жок кылууга үндөйт. Психолог, гендер боюнча эксперт...

Кийинки макала
"Төрт балалуу аялды келин кылбайм" деп кайын энем мага жоолук салбай койгон

"Төрт балалуу аялды келин кылбайм" деп кайын энем мага жоолук салбай койгон

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.