AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Аялыма ич кийимди белек берип алып өкүндүм

Аялыма ич кийимди белек берип алып өкүндүм

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет бир окурмандын катын жарыялайбыз. Эгер сизде дагы кызыктуу баян бар болсо, бизге жөнөтүңүз.

Ыйлап жатты. Түшүнгөн жокмун. Мен башкача болот экен дегем. Сүйүнүп, кечинде кийип мага көрсөтөт экен дегем. Эч нерсе түшүнгөн жокумн. Белек коробкасы менен бурчка ыргыды. Ыйлап жаткан баланы көтөрүп алып бөлмөсүнө кирип кетти. А мен сөгүнгөн бойдон сыртка чыгып кеттим.

Байкем мага жакын жашайт. Келинчегиме айта албачу сырларды ошо менен бөлүшөм. Үйүнө кантип жеткенимди билбейм. Сыртта малга чөп салып жүрүптүр. Сөгүнүп болгон окуяны айтып бердим. Унчукпай угуп турду. 
Анан үйүнө кирип, бекитип койгон бөтөлкөсүн алып чыкты. Жашырганда эмене, кичине ичтик. Ачуум басылдыбы сурады. Үнсүз башымды ийкедим.

«Чарчаган аялга гүл бербеш керек экенин билесиңби, иним? Билбейсиң да, али жашсың да… Чарчап турган аял кантип күлөт, гүлдү дагы сууга алып барып салыш керек, жакшылап сүйүнүш керек, рахмат айтыш керек, а чарчаган аялдын буга алы келбейт, келсе дагы эптеп-септеп. Анан ачууланат. Чарчаган аялды кубанткың келеби? Ага тамак жасап бер же бир жакка алып чыгып сейилдеп тамактангыла, үйдү жыйнап бер, балдарды карап бер. Мына сенин белегиң. Сен ага сонун ич кийим бергениңди айттың. Ал буга чейин чарганын, балдар менен отуруп тур дегенин унутупсуң. Сен романтика жасагың келип өзүңдү ойлодуң. Ал эми үч балаңдан чыга албай, төрт дубалда отурган аялың нервденбегенде эмне кылат? Ал сенден жардам сурады, ич кийим эмес. Сен романтика жасагың келди, ал болсо эртеден-кечке балдарды жалаягын жууду, тамак жасады, кайра идиш жууду. Кайдагы романтика? Бирөөнү кубанткың келсе, ага эмне керек экенин ойло. Балким аялың эки саат тынч уктап алгысы келди. А сен муну ойлободуң. Эх иним…»

Акылыма келдим. Чындап эле келинчегим чарганын айтып жаткан. Мен өзүмдү ойлодум. Үйгө чуркап жөнөдүм. 

Мен берген белекти кармап алып ыйлап отуруптур. Жаман болуп кеттим. Кечирим сурадым. Эми баары башкача болот. 

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Атамдын ашында мал сойгон эмесмин, эми түшүмө кирип жатат. Эмне кылсам болот?

Бөлмөмө кирсем кайын энем себимди санап жатыптыр

Тико эмес Лексус алам десем, ата-энем көздөрүнөн жаш аккыча күлүшчү

Кыз төрөй бересиң деп таштап кеткен күйөөм таанылгыс болуп калыптыр

Кембагалдын кызы деп чанган келинимен кечирим сурайм

Тайкемдин жаназасында аялы менен уулдары эмес, ити ыйлады

Белгилер: Окурман баяны
SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Баладагы агрессиянын себептери жана маселени чечүү жолдору

Баладагы агрессиянын себептери жана маселени чечүү жолдору

17 ноября, 2025
3.3k

Бала чыр салып, бир туугандары менен урушуп, досун сабап же күтүлбөгөн жерден классташын кордоп баштадыбы? Демек, анда агрессия жана жүрүм-турум менен байланышкан көйгөйлөр бар. Ата-энелер жана адистер тез...

Өспүрүм депрессияга туш болгонун кантип таанып жана жардам берсе болот?

Өспүрүм депрессияга туш болгонун кантип таанып жана жардам берсе болот?

17 ноября, 2025
3.3k

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (ДСУ) адистери белгилегендей, өспүрүм курак - инсандын калыптанышын аныктоочу мезгил болуп саналат. Бул мезгилде бала ар кандай психикалык бузулууларга, анын ичинде депрессияга кабылат....

Каржылык сабаттуулук. Ата-энелер өспүрүмдөргө эмнени үйрөтүшү керек

Каржылык сабаттуулук. Ата-энелер өспүрүмдөргө эмнени үйрөтүшү керек

17 ноября, 2025
3.3k

Өспүрүм бул маанилүү сабакты жеке тажрыйбасынан негизинде үйрөнө алат. Кеп финансылык сабаттуулук жана акчаны башкаруу жөндөмүнө тууралуу болууда. Ата-эненин милдети - балдарына акчага туура мамиле кылуунун негизги эрежелерин...

Киберкуугунтук. Баланын коопсуздугун сактоо боюнча адис кеңеш берет

Киберкуугунтук. Баланын коопсуздугун сактоо боюнча адис кеңеш берет

17 ноября, 2025
3.3k

Киберкуугунтук деген эмне, аны менен күрөшүү жана чоңдордун жана өзгөчө балдардын жашоосунда алдын алуу жолдору тууралуу "Интернет саясатынын жарандык демилгеси" коомдук фондунун жетекчиси Татту Мамбеталиева менен маек курдук.- Алгач киберкуугунтук...

Кийинки макала
Шишиген жумуртка эмненин белгиси? Бул 5 нерсени ар бир эркек билиши керек

Шишиген жумуртка эмненин белгиси? Бул 5 нерсени ар бир эркек билиши керек

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.