Жыныстык жашоодон алыстап кетүү зыян эмеспи?
Жыныстык мамилеси жок жашаса зыян эмеспи?- себеби бокс менен машыгып дайыма ринге чыгам. Тренер айтат жыныстык жашоо күчтү кетирип ийгилике жеткирбейт дейт. Өзүмө сөз бергем, үйлөнсөм да эч качан күчүмдү кетирбейм деп. Интимдик жашоого анча деле кызыгуум жок, жыл бою бир дагы жолу болбой жүрө берсем зыяны тийбейби?- айрым адамдар простатит болот деп калышат, же өзүмдүн психикамды кыздардан алыстатып көнүп калган жокмунбу?
Мирлан Айбашов
Уролог-андролог, сексолог
Жыныстык катнаш менен жашап турган жакшы, простата безинде кан айланып турат. Эгерде жыныстык катнаштан баш тартып койсо, кийин тукумсуздукка алып келиши мүмкүн. Кан айланбай туруп калып, простатитти пайда кылат, сезгенүү жаралат. Сезгенүү пайда болсо, алсыздыкка алып келет. Эркек киши 28 жашка чейин жумасына 5-8 жолу, 28 жаштан өткөндөн кийин 3-5 жолу жыныстык катнашка барып турушу зарыл. Болбосо уруктар азаят. Спортсмендер мелдеш астында күчүн коротпой сактап туруу үчүн карманса болот. Бүткөндөн кийин жыныстык катнашта жашай берсин. Экөөнү тең алып кетүү туура.