Жашыруун нике кыйдыралы дегенбиз
Менин жашым 18 де. Эки жылдан бери бир бала менен сүйлөшөм, буюрса кийинки жылы баш кошолу деп жатабыз. Биз ата-энебизге айтпай жашыруун нике кыйып турсакпы дегенбиз, себеби алар уруксатын беришпейт. Бул шариятка туура келеби? Күнөө эмеспи?
Улан Усупов
теолог
Никенин жашыруун түрдө кыйылганы болбойт. Нике ачык түрдө, ага-тууган, жоро-жолдошторго жарыя түрүндө кыйылат. Никенин максаты да ошондой. Ата-эненин уруксатын, батасын албай үйлөнүп алсаңар, агарып-көгөрүп, бакытка бөлөнүп кетпейсиңер. Алардын көңүлүн, батасын алууга аракет кылгыла. Азырынча нике кыйдырып алалы, бирок жашыруун түрдө дегениңер жаман жосун, жолдо калтыраар жорук болуп эсептелинет! Нике - жоопкерчилик. Ошончо убактан бери сүйлөшүп жүргөн болсоңор, бири-бириңерди сүйсөңөр, эртерээк ак никеңерди кыйдырып, ага-тууганды чакырып той берип шариятка ылайык каадасы менен баш кошуп алгыла. Туурасы да, сонуну да, сооптуусу да ушул болмокчу. Мен силерге бакыт-таалай каалайм! Жин-шайтандын тузак-азгырыгынан алыс болгула демекчимин. Үлгүлүү үй-бүлө, эки дүйнөлүк жарлардан болушуңарды Кудайдан тилейм.