// //

Жигитимдин аялы, 3 баласы бар

2018.03.10, 19:33
1135

Менин окуям мындайча. Мен престиждүү компанияда эмгектенем. Эч нерседен кем болгон эмесмин. Бир жигит менен жарым жылдан бери сүйлөшүп жүрөм. Өзүм дагы кантип сүйлөшө баштаганыбызды билбей калдым. Болгону ал мени жакшы түшүнөт, мен ага бардык нерсени айта алам, мага түрдүү тамашаларды айтып берип, көңүлүмдү көтөрөт. Мен анын үй-бүлөсү, балдары бар экенин билчүмүн. Бирок бул нерсе мени токтото алган жок. Ал учурда бул нерсени ойлогон дагы жокмун, 3 айдан кийин гана сурай баштадым. Ал ажырашкам деп жатат. Бул чын экен, документтерин көрсөттү. Бирок аялы менен бир үйдө жашап жатканы мени тынчсыздандырат. Ал бир үйдө жашаганыбыз менен чогуу жатпайбыз, бөлөк жашайбыз деп жатат. Бул дагы чындыктай көрүнөт. Себеби биз эртеден кечке чогуу жүрөбүз, кафега барабыз, сейилдейбиз, эртең менен, кечинде видео чалуу менен сүйлөшөбүз. Жигитим балдарымдын айынан эле чогуу жашап жатабыз дейт. Мен буга каршы эмесмин, баласына үй керек. Аялын деле куубай эле кой, жашай берсин дедим. Биз чогуу батирге акча чогултуп, өзүбүз сатып алып жашайлы деп чечтик. Бирок досторунун көбү анын ажырашканына ишенбейт экен. Мени анын көңүлдөшү катары карап жатышат. Мага аялы аны дагы да болсо сүйгөндөй туюлат. Ошондуктан жанында жүргөндөй. Мен ага бул оюмду айттым, ал болсо мени сүйөөрүн, буга чейин эч кимди мынчалык сүйбөгөнүн айтты. Мени эртең менен гүл берип тосуп алат, жумушка жеткирет, кайра кечинде үйгө алып келет. Өзү дагы буга чейин эч кимге гүл берип көрбөгөнүн айтып күлүп калат. Мени жашырбайт. Достору менен тааныштырат. Достору дагы анын жумшак болуп калганын айтышты. Суроом ага ишенсемби же жокпу. Ишенсем дагы кызганууну кайда кетирем. Мен 22, ал 33 жашта, үч баласы бар.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
12.03.2018, 12:01

Тамара Воронцова

Психолог

Үй-бүлө куруу жоопкерчиликтүү кадам, бул жерде бири-бирин түшүнүү жана юмор жетишсиз. Андыктан баарын таразалап чыгуу керек. Сиздин жигитиңиз ажырашканына карабастан, аялы менен бир үйдө жашап, коомдук жайларга чогуу барышат экен. Мүмкүн алар бизнестин айынан же белгилүү бир себептен улам ажырашып коюну чечишкендир. Достору дагы алардын ажырашканына ишенишпейт экен. Биз айымдар эркектердин ар бир сөзүнө ишенип көнүп калганбыз. Алар жактырганына жеткенде, кыз эмнени уккусу келсе ошону айтышат. Мыйзам боюнча: Сөздөргө эмес, кылган иш-аракеттерине ишенүү керек. Бул жерге гүл берүү, тамактанууга чакыруу, комплимент айтуу кирбейт, муну эске алыңыз. Жигитиңиздин кылган аракеттерине караганда, ал сизди экинчи аял кылып алууну каалап жатат. Сизге расмий түрдө үйлөнгөнү менен, анын мурунку үй-бүлөсү сиздин дагы, анын дагы жашоосунан эч качан кетпей турганын эске алыңыз. Ал тапканынын көбүн балдарына, алардын окуусуна, келечектеги турмушуна берет. Эгер сиз бул нерсени тынч кабыл ала алсаңыз, бул бир тандоо. Бирок ортоңордо бала пайда болгондо, балдарыңызга дагы көбүрөөк тийишин каалайсыз. Анан чыр-чатак пайда болот. Мисалы сиз үй анын баласына калышы керек деп жазып жатасыз. Эгерде ортоңордо эркек бала пайда болсо ага дагы бир бөлүгүн тийишин каалабайт белеңиз? Ал эмне тиги баласынан бир жери кемби? деп айтасыз. Батирге чогуу акча чогултууну каалап жатыпсыздар. Бирок бул нерсени эркек киши кылышы керек. Бирок ал алимент төлөсө, ал муну ишке ашыра албаары анык. Ортодогу никеңер кантип бүтөөрү белгисиз. Батириңер менталитетке ылайык эркек кишиге же анын апасына калат. Анда сиз эмне менен каласыз? Балаңызчы? Психологдун жардамы менен чече турган көп нерселер бар. Мисалы жигитиңиз никени расмий каттатууга даярбы? Сизди достору менен гана эмес, туугандары менен дагы тааныштырабы? Досторунун айтымына караганда ал жумшак болуп калыптыр, бирок анын агрессивдүү тарабын билесизби? Жылына күчөп турчу кызгануу менен өмүр бою жашаганга даярсызбы? Суроолор абдан көп. Жакшылап ойлонуңуз, сиздин алдыңызда эки тагдыр турат, тандоо өз колуңузда. Туура чечим кабыл алышыңызды каалайм!

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт