Талактан кийин жашай берсе болобу?
Жолдошум экөөбүздүн баш кошконубузга эки жыл болуп калды. Ортодо бир балабыз бар. Бир күнү ичип келип мени аябай катуу сабап койду. Эртең менен төркүнүмө баса бердим. Бир канча убакыттан кийин "мен силерсиз жашай албайм, сагындым силерди" деп кечирим сурап келди. Ал кезде балам экөөбүз тең сасык тумоо болуп, ооруп жатканбыз. Анан азыр кете албайбыз, айыкканда алып кет десем жини келип, кетпесең анда биротоло ажырашалы деп кудай күбө талак бердим деп 3 жолу айтып үйдөн чыгып кетти. Бир айдан кийин кайра жалдырап "силерсиз жашай албайт экенмин, талакты жиним менен айтып алдым" деп келди. Ойлондум, акыры баламды тирүүлөй жетим кылбайын, эркек бала болгондон кийин атанын тарбиясы керек деп жараштык. Кайра келгенден бери какшап күнүгө айтам, мечитке бар, имамдан сура эмне кылуу керек экенин бил, бир нерсе десе баралы болбосо үйгө чакыр дедим. Келгениме 3 ай болду, такыр көңүлсүбөйт. Уялып жатам, кантип сурайм, жумуштан такыр кол бошобой жатат деп коет. Эмне кылсак?
Улан Усупов
теолог
Талак менен байланыштуу маселеде Учкун мечитинин имамы, аалым Молдо Сабыр устазга, же болбосо азирети муфтийдин орун басары Жоробай Шергазиев устазга, же Чубак ажы Жалиловго жолугуп, фатва, башкача айтканда бул маселе боюнча диний өкүм кандай болорун сурап билип алсаңыздар жана аны аткарсаңыздар жакшы болот. Жолдошуңуз экөөңүздөр чогуу барышыңыздар керек. Талак маселесинде аалым менен бетме-бет жолугушуп, окуяны төкпөй-чачпай ага айтып берип, берген суроолоруна жооп беришиңиздер зарыл. Жолдошуңузду аалымдын алдына тезирээк жетелеп барыңыз. Анткени, талак түшкөн болсо, никеңер ажырап, чогуу жашооңор арам болуп калат. Ошондуктан, эртерээк мен жогоруда айткан аалымдардын бирине жолугуп, талак түшүп түшпөгөнүн тактап алгыла. Түшкөн болсо эмне кылышыңар керегин алар айтып берет. Ынтымак жана жакшылык каалайм сиздерге.