// //

Жигитим кызганчаак

2018.03.08, 20:55
1845

Жигитим өтө кызганчаак.  Эч  жакка чыгарбайт. Туура кылып жатабы?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
09.03.2018, 12:11

Каныша Кожогелдиева

Психолог

 

Сенин жагдайыңа түшүнсө болот. Бирок эркектер көпчүлүк учурда, өзгөчө кыргыз жигиттери өздөрүн бийик кармашат. Ошондуктан алар мен жактырган кыз баардык жагынан мага баш ийип туруш керек деп эсептешет. Демек меники гана деп кабыл алышат. Силер үйлөнө элексиңер сүйлөшүп гана жүрөсүңөр ошол себептен көп учурда кызгануу сезими сөзсүз болот. Айрымдарда махабат кызгануу сезими менен биргеликте өнүгө берет. Андыктан терс кызгануу, өтө көп кызгануу көпчүлүк учурларда жаман нерсеге алып келет. Сен жигитиң менен ачык сүйлөш. Канчалык деңгээлде жактырат, келечек эмне болот, чындап эле жактырып жатабы же жөн эле кызганып убакыт өткөрүп жүрөбү, мына ушунун баарын ачык айтып сүйлөшүп алууң керек. Муну сурап билүүнүн негизинде силердин махабат канчалык деңгээлде экенин билип аласың. Бирок сен да өзүң кызганууга шарт түзбөшүң керек. Өзүң кызганычка шарт түзүп бербөөнү үйрөн. Жаш, турмушка чыга элек болгонуңдан кийин сага да башкалар көңүл бураарын ачык түшүндүрүшүң керек. Дагы бир ирээт айтаарым ачык айкын сүйлөш.

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт