Варикоцелден сакайса болобу?
Менде варикоцел бар. 1-2 жылдан кийин операция жасатсам кандай болот? Же эртерээк жасатуу керекпи? Варикозцелден айыгууга болобу? Ал эмне сбептен пайда болот?
Мирлан Айбашов
Уролог-андролог, сексолог
Варикоцел-эркек жумурткаларынын кан тамырларынын кеңейип кетиши. 14 жаштан башталат. Жумурткалар венасы бөйрөк веналарынан келип түшөт. Бөйрөк венасында катуу кан басым болгондо, клапанга болгон агым бузулуп, жумурткада кандар калып калат. Натыйжада кан айлануулар бузулуп, жумуртка температурасы көтөрүлүп, тукумсуздукка, гипоплазия сыяктуу дарттарга алып келиши мүмкүн. Себептери абдан көп, бөйрөккө суук тийгенде, кисталар, шишиктер пайда болгондо жаралат. Варикоцелдин үч баскычы болот. Биринчисинде сыртынан караганда оору байкалбайт. Экинчисинде эрекция учурунда гана билинет. Ал эми үчүнчүсүндө болсо жөн учурда дагы, эрекция учурунда дагы билинет. Айрым учурларда кан туруп калгандай болуп уюп ыңгайсыздык жаратат. Негизинен белгисиз болуп өтөт. Варикоцелден операция жолу менен гана арылууга болот. Убагында дарылабаса тукумсуздукка алып келет.