// //

Күйөм мени сүйбөйт

2018.03.07, 10:11
1597

 

19 жашымда турмушка чыккам. Жолдошум менден 9 жаш улуу, бир кыздуу болдук. Кудайга шугур жакшы эле жашап жатканбыз. Бара-бара жолдошум үйгө анча-мынча келбей кала турган адат тапты. Кийин телефонунан бир кыз менен жүргөнүн билип калдым. Ал кыз менен байланышсам, “көп жылдан бери сүйлөшөбүз. Күйөөң өзү издеп тапты” деди. Акчаны жакшы тапкандыктан ага дагы акча берип турчу экен. Чындыгында аябай стресс болуп, өзүмдү кармай албай, тополоң кылдым. Ал убакта боюмда бар эле. Жолдошум жалдырап алып калды. Ал кызды менин көзүмчө сөктү. Ошентип кетпей калдым. Бирок жүрөгүмдө баштагыдай ага болгон сый жок. Жолдошумдун мүнөзү аябай көк. Үй жумуштарына кийлигишип, адамды эзип жиберет. Азыр ортодо эки балабыз бар. Башында эч нерсе деп айтчу эмесмин. Кийин каяша айтып үйрөнүп алдым. Урушуп кетсек кет дей берет. Көгөрүп сүйлөбөй кийин кайра чыдабай өзүм сүйлөп баштайм. Түндө жатканда кучактасам, кучактабачы дей берет. Сүйөм деп айтпайт. Акыркы убакта чыдабай калдым. Ажырашайын десем балдарды кыя албайм. Кандай айла кылсам болот?

 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
07.03.2018, 10:12

Бүбүсара Рыскулова

"Сезим" кризистик борборунун жетекчиси, психолог

 

Сиздин катыңызды окуп туруп эле кеңеш берүү кыйын болот. Биз сиздердин кандай жагдайда баш кошконуңарды, үй-бүлөлүк жашооңорду билбейбиз. Кээде кыздар дагы, балдар дагы телефондон тамашалап, оюн кылып сүйлөшүп коюшат. Башкага алмаштыруунун физикалык жана психологиялык түрү болот. Аял менен эркектин үй-бүлөгө болгон табити, көз карашы башкача болот. Аялдар карандай чай ичсе дагы балдары үчүн, үй-бүлөсү үчүн баарын берүүгө макул болуп, чыдап жашай беришет. Эркектер болсо байыртадан келе жаткандай, бир нерсеге чыдай албай кээде сыртка карап турушат. Биз аялдар бул нерсени билишибиз керек. Башка менен сүйлөштү болду, бүттү деп койбостон, эмне түрткү болду себебин аныктап, балким менден кеткендир деп, анализдеп көрүш керек. Мүмкүн эки баланы атасыз калтыруунун кереги жоктур.

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт