Ала качкан күйөмө көңүлүм жок
Үч ай мурун турмушка чыккам. Ала качып кетишти. Ата-энем салтка таянып, тааныш деп калтырып коюшту. Эми болсо менин күйөөмдө такыр көңүлүм болбой жатат. Мүнөздөрүбүз туура келбейт. Анын кылыктары аябай кызга окшош. Үйдө жалгыз бала болгондугуна байланыштуу өтө эле эрке. Кетем десем ата-энем эл эмне дейт деп болбой жатышат. Аябай сыгылып кеттим. Кимге айтууну билбейм. Эмне кылсам болот? Мага аз да болсо кеңеш бериңиздерчи.
Бүбүсара Рыскулова
"Сезим" кризистик борборунун жетекчиси, психолог
Азыркы маалымат өнүккөн, мыйзамдар иштеп жаткан заманда кыздарыбыздын өз укугун билбей жатышы өкүндүрбөй койбойт. Бойго жеткен кыздарыбыз өз укугун билбей, тагдырын ойлобостон, келечегине балта чаап жатышат. Өзүңөрдүн жашооңорду ойлогула. Эл эмне дейт деп бир көргөн адамга турмушка чыгууга макул болуу бул туура эмес. Мындан кийинки турмушуңар кандай болот эч ким билбейт. 3 айдан бери жашап жатканыңардан кийин сиз баарына макул болгонсуз. Жолдошуңуз өзүнүкүн бербеген эрке экен. Мындай жол менен кете берсеңер, аягы ажырашуу менен аякташы мүмкүн. Кыйналып жашай берсеңиз, кош бойлуу болуп калсаңыз, келечектеги балаңыздын тагдыры кандай болот? Мен сизди көрмөйүн бир нерсе деп кеңеш бере албайм, балким жакшы жашап кетесиңер, балким жок. Сиз ата-энеңизге жакшылап түшүндүрүңүз, психологдорго кайрылыңыз. Жолдошуңуз менен кийинки жашооңуз кандай болот, сөз таап кете аласыңарбы, баарын жакшылап ойлонуп, анализдеңиз. Ала качуу бул биздин салт эмес. Ата-эне балага жамандык каалабайт, бирок ошентсе дагы балдарын тааныбыган бирөөгө байлап берүүдөн мурун аларды тааныштырсын, көңүлдөрү төп келеби билсин. Себеби билбеген адам менен жашоо аябай кооптуу. Ал кандай адам, үй-бүлөсү кандай кабыл алат, эч ким билбейт.